Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:38

Кыздар үчүн уюшулган мыйзамсыз диний лагер аныкталды


"Мариям" аталышындагы диний лагерде окуган кыздар. УКМК тараткан сүрөт.
"Мариям" аталышындагы диний лагерде окуган кыздар. УКМК тараткан сүрөт.

Баткенде "Мариям" аталышындагы диний лагер атайын каттоосу жок ишмердигин жүргүзүп жаткандыгы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Лагерде 9 жаштан 18 жашка чейинки кыздар үчүн "Тажвид", намаз окуу, дуба окуу, ошондой эле балдарды диний жактан тарбиялоо сабактары жүргүзүлгөн. Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө аталган лагерь Баткен облусунун 1970-жылы туулган Ж.М.К. аттуу жаранына таандык экендиги такталды.

Комиссиялык текшерүүнүн жүрүшүндө өрт коопсуздугунун, санитардык-эпидемиологиялык нормалардын, билим берүү программаларынын жол-жобосу сакталбагандыгы, диний лагердин окутуучулары менен тарбиячыларынын педагогикалык жана диний билими жок экендиги аныкталды. Мындан улам аталган кемчилдиктер жоюлганга чейин лагердин иши токтотулду.

Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

УКМК Кыргызстандын бардык жарандарына балдарды ар кандай диний мекемелерге, анын ичинен диний лагерлерге жөнөтүүдөн мурда, ошол диний мекеме Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык иштеп жаткандыгын текшерүүнү эскертет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG