Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:35

Азербайжандын талабынан улам Армения Конституциясын өзгөртүүдө


Никол Пашинян.
Никол Пашинян.

Арменияда Конституцияны өзгөртүү аракети башталды. “Азаттыктын” армян кызматынын маалыматына караганда, премьер-министр Никол Пашинян Баш мыйзамдын жаңы редакциясын иштеп чыгуу тапшырмасын берди. Мындай аракет коңшу Азербайжандын армян Конституциясынан Тоолуу Карабак тууралуу жазылгандарды алып салуу талабы уланып жаткан шартта көрүлүүдө.

Пашинян Конституциялык реформалар кеңешине жаңы Баш мыйзам долбоорун иштеп чыгууга жана кабыл алууга 2026-жылдын 30-декабрына чейин мөөнөт берди.

Азербайжан президенти Илхам Алиев мындай талапты Тоолуу Карабак боюнча сунушталып жаткан тынчтык келишиминин негизги шарты катары коюп келүүдө. Расмий Баку Армениянын Конституциясындагы Эгемендик декларациясында Тоолуу Карабак менен биригүү тууралуу жазылгандарды аймактык доомат катары баалоодо.

Азербайжан 2023-жылы сентябрда эки өлкө көптөн бери талашып келген Тоолуу Карабак аймагын өз карамагына толук алгандан кийин ортодогу атышуу дээрлик токтогон. Бул аймакта жашаган 100 миңдей армян улутундагы киши үй-жайын таштап чыгып кетүүгө мажбур болгон.

Армения да, Азербайжан да чек ара боюнча канчадан бери уланып келе жаткан, адам өлүмү менен коштолгон тирешүүнү токтото турган тынчтык келишимине кол коюуга даяр экенин айтып, бирок бул процесстин создугушуна бирин бири айыптап келишет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG