Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:16

Кыргызстанда быйыл чет элдиктерге 25 миң эмгек квотасы бөлүнгөн


Бангладештен келген тигүүчүлөр. Бишкек. Май, 2023-жыл.
Бангладештен келген тигүүчүлөр. Бишкек. Май, 2023-жыл.

Министрлер кабинети тарабынан 2024-жылга карата чет элдик жарандарга Кыргызстанга келип иштөөгө 25 миң квота бекитилип берилген. 1-майга карата 7706 чет өлкөлүк жаран иштөөгө уруксат алган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Чет өлкөлүк жарандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Арлен Алиясов "Азаттыкка" курган маегинде билдирди.

Анын сөзүнө караганда, сырттан келип иштегендердин эң көбү - 3300ү Кытайдын жарандары. Ал эми Бангладештен 514, Пакистандан 919, Индиядан 253, Түркиядан 500, Өзбекстандан 314, Түштүк Кореядан 97 адам расмий уруксат кагазы менен иштеп жатат.

Сырттан келген мигранттар негизинен курулуш жана тигүү тармагында эмгектенишет.

"Тигүү тармагында жана курулуш тармагында жумушчулар жетишпегендиктен быйыл квота көбөйтүлгөн. Сиздер билесиздер, тигүү цехтери туруктуу жумушчуларга муктаж, бизде бир нече ири курулуштар түшүп жатат, бул тармакка да жумушчулар зарыл. Быйылкы жылга 25 миң квота бөлүнгөн. Азыр 7 миңден ашууну гана алынды, калгандары бош", - деди Алиясов.

2023-жылы чет элдик жарандарга иштөө үчүн өкмөт тарабынан бекитилген квота 16610 болчу.

Кыргызстандын тигүү тармагына соңку жылдары Пакистан, Индия жана Бангладештен жумушчулар көп келе баштаган. Кыргызстандын жеңил өнөр жайындагы өндүрүлгөн продукциянын көлөмү өткөн жылы 62% өскөн.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2023-жылдын эсебинде Кыргызстанда 20 миңден ашуун бош жумуш орундары болгонун, 2024-жылдын май айына карата анын 6 миңден ашыгы дале бош турганын билдирген.

Министрлик ошол себептүү Кыргызстан башка мамлекеттер сыяктуу эле чет элдиктердин өлкөгө келип иштешине уруксат берип жатканын, чет элдик жарандар тигүү, тейлөө жана башка багыттарда муктаждыкты канааттандырарын белгилеген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG