Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:23

Бишкек шаардык соту Мадумаровдун апелляциялык арызын кароону улантты


Адахан Мадумаров "Азаттыктын" студиясында. 30-апрель, 2024-жыл.
Адахан Мадумаров "Азаттыктын" студиясында. 30-апрель, 2024-жыл.

20-июнда Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаровдун апелляциялык арызын кароону улантты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Адахан Мадумаровдун адвокаты Сейитбек Довлатов билдирди.

Анын айтымында, бул күнкү отурумда күбөлөр суралды. Довлатов алар тергөөчүнү жана башка кызмат адамдарын суракка алууну өтүнгөнүн, сот аны четке какканын кошумчалады.

Бишкек шаардык сотунда Мадумаровдун апелляциялык арызын кароо 3-июнда башталган. Кийинки отурумдар 7-июнь, 10-июнь, 19-июнь күндөрү да өтүп, ар кандай себептерден улам-улам жылып келаткан. Келерки отурум 21-июнга белгиленген.

26-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Адахан Мадумаровду коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес. Саясатчы чечим мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин абакта калган. Бул аралыкта анын адвокаттары райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна даттанган эмес. Жети ай атайын кызматтын тергөө абагында отурган мурдагы депутат 26-апрелде бошотулган.

Ал “Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 400-беренесинин 1-пунктунда соттун өкүмүнө апелляциялык даттануу камактагы адам өкүмдүн көчүрмөсүн алгандан кийин 30 күндөн кийин кайрылса болорун, ал өкүмдүн көчүрмөсүн 16-апрелде гана алганын” айткан. Ушундан улам 15-майга чейин апелляциялык арыз бергенге убакыт бар экенин билдирген.

Май айынын башында Биринчи май райондук соту Адахан Мадумаровдун шаардык сотко жолдогон кайрылуусун “арыз берүүнүн мөөнөтү өтүп кеткен” деген негиз менен четке каккан. Саясатчынын адвокаттары буга каршы болуп, арыз берүүнүн мөөнөтүн калыбына келтирүү боюнча өтүнүч берген. Сот 22-майда аны канааттандырган.

Адахан Мадумаровго эки кылмыш иши козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилген.

Биринчиси – кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган. Президент Садыр Жапаров буга чейинки маектеринде ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талашы жаралганын билдирген. Саясатчы ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айтып келет.

Адахан Мадумаров “Азаттык” радиосуна берген интервьюсунда иш “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен тергелип, өкүм чыгардын алдында ал “Бийликтен аша чабуу” беренесине алмашканын билдирген. Саясатчынын соту жабык өткөндүктөн ага чейин берене өзгөртүлгөнү тууралуу маалымат берилген эмес.

Экинчиси – Чыңгыз Абдымомунов аттуу жаран 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кине коюлган. Бул ишке байланыштуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаевге да айып коюлган.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 26-апрелде соттун чечимин негиз кылып, Адахан Мадумаровду мандатынан ажыраткан. Саясатчы Боршайкомдун бул чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна арыз берген. 20-майда сот саясатчынын мандаты боюнча арызын четке каккан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG