Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:46

УКМК: Чет элдик жарандарды мыйзамсыз эксплуатациялап жүргөн ишкер кармалды


Тигүү цехинде иштеген чет элдик жарандардын жашаган жери. Сокулук, Чүй. 20-июнь, 2024-жыл. Сүрөт УКМКга таандык.
Тигүү цехинде иштеген чет элдик жарандардын жашаган жери. Сокулук, Чүй. 20-июнь, 2024-жыл. Сүрөт УКМКга таандык.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Сокулук районундагы тигүү цехинин ээси Ж. А. аттуу ишкер чет өлкөлүк жарандарды мыйзамсыз эксплуатациялоого шек саналып кармалганын маалымдады.

Мекеменин басма сөз кызматы 20-июнда тараткан маалыматка ылайык, аталган ишкердин Новопавлока айылында жайгашкан тигүү цехинде тинтүү жүргүзүлгөн. Анда Түштүк Азиядан келген 30 чет өлкөлүк жаран иштеп жатканы такталган.

"Аталган жарандарды Ж.А. алдамчылык жол менен ишке тартып, милдеттенмесин бузуп, эбегейсиз зор пайда алуу максатында аларды эксплуатациялап, убада кылынган эмгек акысын берген эмес. Ошондой эле ал жергиликтүү милиция кызматкерлери менен ич ара сүйлөшүп алып, чет өлкөлүк жарандардын паспортторун тартып алган. Милиционер аларды Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөнү үчүн түрмөгө камайм деп коркутуп турган", деп жазылган маалыматта.

Коопсуздук кызматы ишкер Ж.А. чет өлкөлүк жарандарды миграция мыйзамдары талап кылган мыйзамдардан тышкары, каттоосуз, эмгек визасыз жана иштөөгө уруксатысыз иштетип жүргөн. "Чындыгында бул чет элдик жарандар өздөрүнүн эркине каршы кармалып, кулчулукта эмгектенген" деп белгилеген атайын кызмат, ошондой эле алардын жумуш орундары жана жашоо шарттары санитардык талаптарга жооп бербесин, толук тамактануу дээрлик камсыз кылынбаганын кошумчалады.

Ж.А. аттуу ишкер жана райондук милиция кызматкери А.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Коопсуздук кызматы мындай иш-аракеттер административдик жоопкерчиликти гана эмес, кылмыш жоопкерчилигине да алып келерин эскертти. Ага ылайык, чет өлкөлүктөрдү иштеткен ишкерлер жумушчуларын Кыргызстандын миграциялык мыйзамдарына ылайык бардык документтерин толтурууга, келишимдик мамилелерди так аткарууга жана сапаттуу эмгек шарттарын камсыз кылууга милдеттүү.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 1-майга карата берген маалыматына караганда, 7706 чет элдик жаран иштөөгө уруксат алып иштеп жатат.

Булардын басымдуу бөлүгү тигүү жана курулуш тармактарында (ZKo)

XS
SM
MD
LG