Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:02

Иранда ооруканадагы тогуз кишинин өмүрүн алган өрт себеби иликтенүүдө


Каем ооруканасы. Архивдик сүрөт.
Каем ооруканасы. Архивдик сүрөт.

Иранда кеминде тогуз кишинин өмүрү кыйылган өрт кырсыгынын себептери иликтенип жатканын 20-июнда «Фарда» радиосу жазды. Окуя 18-июнда өлкөнүн түндүгүндөгү Решт шаарында жайгашкан жеке клиникалардын биринде болгонун, каза тапкандардын айрымдары реанимацияда жаткан бейтаптар экенин Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары билдиришти.

Өрт шейшембинин таңында тутанганы, 250 орунга эсептелген ооруканада ошол учурда 120, айрым маалыматтар боюнча, 140тай бейтап жатканы, өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоо менен кеминде үч саат алышканы кабарланды.

«Биз барган учурда имараттын жертөлөсү жана интенсивдүү терапия бөлмөсү өрттөнүп жаткан экен. Өрт ар кайсы буюмдар сакталуучу жайдан тутанган», - дейт өрт өчүрүүчүлөр тобунун жетекчиси Шахрам Момени.

2013-жылы негизделген, Гилян медициналык илимдер университети менен кызматташкан Каем ооруканасы жергиликтүү тургундар менен катар чет элдик туристтерди да тейлейт.

Ооруканада адам өлүмүнө алып келген өрт кырсыктары Ирандын медициналык жайларындагы коопсуздук маселесине көңүл бурдурууда. 2023-жылдын ноябрында Гилян провинциясында маңзаттан көз каранды бейтаптар дарылануучу жайда чыккан өрт 36 кишинин өмүрүн жалмаган. 2020-жылы борбор калаа Тегеранда Сина-Атхар медицина борборундагы жарылуудан жана өрттөн 13 киши каза тапкан, алтоо жараат алган. (RK)

XS
SM
MD
LG