Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:06

Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда өткүн өтөт


21-июнда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 22…27;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 24…29 градус жылыйт.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21°, күндүз 33…35 градус ысык болот.

Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16°, күндүз 23…25 градус жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 19-июнда күндүз 20,7°, 20-июнда эртең менен 18,8° түздү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG