Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:46

Министрлер кабинетин парламенттин токтомдорун аткарууга милдеттендирген мыйзам экинчи окуудан өттү


Жогорку Кеңештин имараты.
Жогорку Кеңештин имараты.

20-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Министрлер кабинети жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун экинчи окууда каралып, кабыл алынды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети мыйзам долбоорун 28-майда биринчи окуудан, 18-июнда экинчи окуудан жактырган.

Долбоорду депутат Дастан Жумабеков демилгелеген. Ал комитеттин жыйынында баяндама жасап жатып, документ тиешелүү мыйзамдын 13-беренесин өзгөртүүгө багытталганын, анда Министрлер кабинетин Жогорку Кеңештин токтомдорун аткарууга милдеттендирүү каралып жатканын билдирген.

Депутат Дастан Жумабеков Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун “Жогорку Кеңештин комитеттеринин чечимин биз рекомендация катары кабыл алабыз” деген сөзүн эскерип, мыйзамдарда “Министрлер кабинети өзүнүн жана президенттин гана чечимдерин аткарат” деп жазылып калганын айткан. Ал ошол себептүү өкмөт Жогорку Кеңештин токтомдорун аткарбай жатканын белгилеп, муну мыйзам чегинде бекитип алуу керектигин белгилеген.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 2023-жылдын 20-июнундагы жыйналышында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, “Министрлер кабинетин түзгөн президент элдин атынан сүйлөй аларын, парламенттин чечимдери кеңеш берүүчү гана мүнөздө экенин” айткан. Байсалов менен депутаттар ортосунда кайым айтышуу да чыгып, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары андан кийин журналисттерге берген интервьюсунда оюн кайталаган.

Мындан кийин Жогорку Кеңеш Байсаловду кызматтан алуу боюнча токтом кабыл алып, ал аткарылган эмес. Эдил Байсалов кийин Жогорку Кеңешке айткан сын-пикири үчүн парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиевден жана депутаттардан кечирим сураган. Ал Жогорку Кеңештин депутаттарынын беделине шек келтирүү ниети болбогонун, иштеп жаткан Конституция боюнча аткаруу бийлиги президенттин колунда экенин гана айткысы келгенин билдирген.

Буга чейин Жогорку Кеңештин сүттүн баасын тескеген токтомуна байланыштуу талаш-тартыш чыккан.

14-мартта кабыл алынган токтом долбоорунда чийки сүттүн бир литринин баасы “40 сомдон кем болбосун” деп бекитилген. Парламенттин тармактык комитетинин 27-майдагы жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев менен экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев "токтомду Министрлер кабинети аткара албай турганын" айтышкан. Муну токтомду сунуштаган депутат Акылбек Түмөнбаев сынга алган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG