Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:47

Бишкекте террордук уюмдарга үндөп жүргөн чет элдик жарандын иши сотко өткөрүлдү


Ички иштер министрлиги Кыргызстанда жарандарды экстремисттик-террористтик уюмга кирүүгө үндөп жүргөн чет элдик жаран кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, аны Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) Терроризмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү бөлүмү ал Кыргызстанда террордук деп табылып, тыюу салынган "Өзбекстан ислам кыймылы" жана "Таблиги жамаат" уюмдарынын мүчөсү экенин аныктаган.

"Шектүү бул уюмдарга Кыргызстандын жарандарын тартуу аракетине шек саналып кармалган", - деп жазылган маалыматта.

Бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси ("Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу") менен кылмыш иши козголгон.

ИИМдин кабарлашынча шектүү айыбын толугу менен моюнуна алып, иш сотко өткөрүлүп берилди. Маалыматта анын кайсы өлкөнүн жараны экени ачык жазылган эмес.

Учурда бул ишке байланышы бар башка адамдарды аныктап-тактоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы кабарланды.

Кыргызстанда жалпысынан 3,5 миңден ашуун диний уюм каттоодон өткөн.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына караганда, 21 уюм деструктивдүү, экстремисттик жана террордук деп табылып, сот чечими менен өлкө аймагында ишмердигине тыюу салынган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG