Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:27

Орусияда журналист Фарида Курбангалеевага издөө жарыяланды


Фарида Курбангалеева
Фарида Курбангалеева

Орусиянын Ички иштер министрлиги журналист Фарида Курбангалеевага издөө жарыялап, Росфинмониторинг аны терроризмге жана экстремизмге байланышы бар деп шек саналгандардын реестрине каттады.

Бул тууралуу Идель.Реалии. маалымдады.

Орусия ИИМинин базасында Курбангалееванын издөөгө алынуу себеби айтылган эмес. Бирок Росфинмониторинг мекемесинин базасындагы маалыматтардан улам, журналисттин иши терроризмди колдоо же актоого байланыштуу экенин боолгоого болорун жазды басылма.

Курбангалеева өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына Орусия бийлигинин чечими анын ишмердүүлүгүнө таасир эте албай турганын жазды. Ал эмне үчүн куугунтукка алынганын билерин кошумчалаган.

"Мен жараны болгон Орусия мамлекети Украинада кылмыштуу, баскынчылык согуш жүрүп жатат. Элди кул кылат, кыйнайт, тонойт, зордуктайт, уурдайт жана башкача ойлонгондун баарын кысат", - деп жазды ал.


Курбангалеева Прагада жашайт. Ал журналисттик карьерасын Казанда баштаган. 1998-жылдан 2007-жылга чейин "Татарстан" мамлекеттик телеканалында иштеген. 2007-2014-жылдары "Россия-1" телеканалынын жаңылыктар бөлүмүндө иштеген. 2014-жылы Крым аннексияланып, Донбасста согуш башталганда федералдык телеканалдан кеткен.

Орусиядан чыгып кетип, түрдүү көз карандысыз маалымат каражаттары менен кызматташып келген.

2018–2021-жылдары ал "Настоящее время" телеканалында алып баруучу болуп иштеген.

Учурда ал өзүнүн Ютуб-каналын жүргүзөт. Анын акыркы маектеринин бири Украина мусулмандарынын муфтийи, учурда украин аскерлеринин катарында согушуп жүргөн Саид Исмагнилов менен болгон.

Орусияда татарстандык дагы бир журналист, “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун татар-башкыр кызматынын кабарчысы Алсу Курмашева кармалып, камакка алынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG