Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:23

Октон оор жараат алган журналист Садыковдун жубайы Токаевди күнөөлөдү


Наталья Садыкова
Наталья Садыкова

Ок жеген оппозициячы, журналист Айдос Садыковдун жубайы Наталья Садыкова күйөөсүнүн абалы оор экенин "Азаттыктын" казак кызматына билдирди.

"Кечээ Айдоско операция жасалды. Ага нейрохирургдар операция жасашты. Ал дээрлик эки жарым саатка созулду. Мен аны реанимацияда көрдүм. Абалы өтө оор. Ок анын чыкыйына тийген. Тилекке каршы, мээ жабыркаган", - деди ал .

Наталья Садыкова кол салууну жолдошунун оппозициялык ишмердүүлүгү менен байланыштырат. Ал Айдосту көз алдында атып кетишкенин айтты. Садыкованын билдиришинче, ок бир жолу атылган. Ал тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн толук маалымат бере албасын белгиледи.

Ал өзүнүн Фейсбук баракчасында кол салуу үчүн жоопкерчиликти казак бийлиги менен президент Токаевге жүктөгөнүн жазды.

19-июнда Акорда Садыков туш болгон кол салууга реакция жасады. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев суу ташкындын кесепетин жоюуга жигердүү катышкандарды сыйлоо аземинде сүйлөп жатып, Киевде Айдос Садыковго каршы жасалган кылмыш жөнүндө кеп козгогон.

"Казакстан мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө багыт алды. Менин принципиалдуу позициямды билесиздер: өлкөдө мыйзамдуулук, тартип өкүм сүрүшү керек. Биздин коомдогу бардык чыр-чатактар жана пикир келишпестиктер бир гана мыйзам чегинде, негизги эл аралык стандарттарга ылайык чечилиши керек. Кечээ Киевде казак жараны Айдос Садыковго каршы жасалган кылмышты дал ушул өңүттөн карап чыгуу зарыл", - деген Токаев.

Ал дипломатиялык мекемелерге жана укук коргоо органдарына "бул олуттуу окуя боюнча" украин тарапка расмий өтүнмөлөрдү жөнөтүүнү тапшырганын айтты. Токаев эгер зарыл болсо, казак бийлиги “чындыкты аныктоого жардам берүү үчүн” тергөөгө көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.

Садыковдор Украинага 2014-жылы көчүп барып, ошол жактан качкын макамын алган, мекенинде аларга “кастык козутту” деп былтыр издөө жарыяланган.

Айдос Садыков БАСЕ интернет-медиасы аркылуу казак бийлигин сындап, Токаевди “Орусиянын пайдасына иштеп жатат” деп айыптаган. Ал 2022-жылдын январындагы Казакстандагы адам өлүмү менен коштолгон нааразылык акцияларын активдүү колдогон, чагылдырган.

Жубайлардын Украинага көчүп кетишине 2014-жылы "жалаа жабуу" деген негизде Наталья Садыковага иш козголгону себеп болгон. Ага каршы мурдагы депутат Марал Итегулов арызданган.

Ал эми Айдос Садыковго 2010-жылы "ээнбаштык" деген берене менен айып тагылып, эки жылга соттолгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG