Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:21

Жарандардын мүлкүн легалдаштыруунун мөөнөтү жаңы жылга чейин узартылды


Президент Жапаровго таандык, легалдаштырылган имарат. Бишкек.
Президент Жапаровго таандык, легалдаштырылган имарат. Бишкек.

Президент Садыр Жапаров “Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбооруна кол койду.

Президенттин сайтына 19-июнда жарыяланган маалыматка ылайык, мыйзам долбоорунун максаты ички-тышкы инвестицияларды көбөйтүү, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу жана активдердин сакталышын камсыздоо.

Өзгөртүлгөн мыйзам боюнча мүлктү легалдаштыруунун мөөнөтү мурда белгиленгендей 9-июнда эмес, 31-декабрда аяктайт.

Мыйзамда мындан тышкары жеке нотариустарга жарандын активдери тууралуу атайын декларацияларын күбөлөндүрүү укугу берилди. Аталган мыйзамга каршы келген мыйзам ченемдерин декларациялоо субъектисине каршы колдонууга тыюу салынат жана мыйзамда белгиленген кепилдиктер кайра каралбайт.

Документти Жогорку Кеңеш 6-июнда кабыл алган.

Министрлер кабинетинин апрель айынын башындагы маалыматында, Кыргызстанда 2 139 адам декларация толтуруп, активдерин легалдаштырды. Анын ичинен 66 адамдын мүлкүнүн баасы 100 млн сомдон ашып, 1 млн сом өлчөмүндө бир жолку салык төлөгөн.

Президент Садыр Жапаров буга чейин үлгү катары өзү да мүлкүн мыйзамдаштырганын айткан. Ал Бишкектин Киев жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги имараттын сүрөтүн жарыялап, бул жана башка имараттары мурда башкаларга жазылганын, эми мыйзам чегинде өзүнө каттатканын билдирген. Президент мүлкүнүн баасын 20 миллион доллардын тегереги деп баалаган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG