Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:54

Тажикстандын парламентинин жогорку палатасы хижабга тыюу салган мыйзамды колдоду


Тажикстандык кыз-келиндер. (архивдик сүрөт)
Тажикстандык кыз-келиндер. (архивдик сүрөт)

19-июнда Тажикстандын парламентинин жогорку палатасы “Салттарды жана ырым-жырымдарды тартипке келтирүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кабыл алды.

Мыйзамдын жаңы редакциясында улуттук маданиятка төп келбеген кийим кийүүгө, жарнамалоого жана сатууга тыюу салынып, эрежени бузгандарга 65 миң сомониге (6000 АКШ доллары) чейин айып пул салынары жазылган.

"Озоди" аталган мыйзам коомчулукта резонанс жаратып, калк арасында нааразылык пикирлер болгонун жазды. Шаршемби күнү паралменттин басма сөз кызматы журналисттерге "Бардык мыйзамдар белгиленген тартипте кабыл алынды" деп билдирди.

8-майда коңшу өлкөнүн парламентинин төмөнкү палатасында “Салттарды жана ырым-жырымдарды жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу талкуу болуп, мыйзамдагы өзгөрүүлөргө байланыштуу маалымат парламенттик гезитте жарыяланган.

“Салтка туура келбеген кийимге” тыюу салган мыйзамга өзгөртүүлөр быйыл март айында Тажикстандын президенти менен дин кызматкерлеринин жолугушуусунан кийин сунушталган. Эмомали Рахмон "хижаб деп аталган кийим биздин маданиятка туура келбейт" деп айткан. Аталган мыйзамдагы өзгөрүүлөр тажик президенти кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Буга чейин хижаб жана диний кийимдерге байланышкан маселелер Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө да талкууланып келген.

Былтыр күзүндө Кыргызстанда паранжы жамынып жүрүүгө жана узун сакал коюуга тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоору парламентте даярдалып, коомдук талкууга чыгарылган.

Өзбекстан парламентинин Төмөнкү палатасы 2023-жылдын 5-сентябрында коомдук жайларда бети-башын чүмкөп жүргөндөрдү административдик жазага тартууну караган мыйзам долбоорун жактырган. (AiA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG