Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:35

Орусия 30 миң чет өлкөлүктү депортациялады


Орусиядагы борбор азиялык мигранттар.
Орусиядагы борбор азиялык мигранттар.

Орусиядан алты ай ичинде 30 миңден ашуун чет өлкөлүк жаран чыгарылды. Жүз миңден ашуунуна өлкөгө кирүүгө тыюу салынды. Бул бир жыл мурдагыга караганда 55% көп экенин аталган өлкөнүн Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Ирина Волк билдирди.

Өткөн жылы Орусиядан 110 миң чет өлкөлүк чыгарылган.

Ички иштер министрлигинин өкүлүнүн белгилешинче, 2023-жылы чет өлкөлүк жарандарга карата эки миллиондон ашык протокол түзүлсө, быйылкы жылдын биринчи кварталында 700 миңге жакын протокол түзүлгөн. Акыркы бир жылда Орусияда чет өлкөлүктөр тарабынан жасалган өзгөчө оор кылмыштардын саны 21% кыскарган.

Шаршембиде Орусиянын Мамлекеттик Думасы полицияга чет элдик жарандарды өлкөдөн чыгарууга уруксат берген мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Ушу тапта Орусияда чет элдик жаранды өлкөдөн чыгаруу чечимин сот же чек ара кызматы кабыл алат.

"Свобода" радиосу жазгандай, аталган мыйзам долбоорунда өлкөдөн чыгаруу жөнүндө чечими бар же Орусияда жашоого уруксат кагазы жокко чыгарылган чет өлкөлүк жарандар үчүн атайын эрежелер каралган.

Быйыл мартта “Крокус Сити Холлдогу” теракттан кийин Орусияда мигранттарга карата ксенофобиялык (ишенбей, чочулаган) маанай күчөгөн. Өлкөнүн ар кайсы аймактарында укук коргоо кызматкерлери чет элдик жумушчулардын жашаган жана иштеген жерлерин текшере баштаган. Мигранттарды аскер комиссариатында каттоого алган учурлар көбөйгөн.

Аз күн мурда кыргыз өкмөтү мекенине кайткан мигранттар тууралуу маалымат берип, чет өлкөдө жүргөн эмгек мигранттардын саны дээрлик 300 миң адамга азайганын айтып чыкты. (AiA)

XS
SM
MD
LG