Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:06

Парламент ЖЭБди мэриянын карамагына өткөрүү мыйзамын биринчи окууда колдоду


Бишкек ЖЭБи жарылуудан кийин. Февраль, 2024-жыл.
Бишкек ЖЭБи жарылуудан кийин. Февраль, 2024-жыл.

Жогорку Кеңештин 19-июндагы жыйынында Министрлер кабинети демилгелеген “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Документте “Бишкек жылуулук тармактары” мекемесинин филиалдарын жана Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) Энергетика министрлигинин карамагынан Бишкек мэриясынын карамагына өткөрүү маселеси каралган.

Жыйында баяндама жасаган энергетика министри Таалайбек Ибраев тиешелүү аймакта жылуулукту уюштуруу жана камсыз кылуу маселелерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына өткөрүп, каржылоо маселелерин оптималдаштыруу үчүн зарыл экенин белгиледи.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев ЖЭБде жылуулук гана эмес, электр энергиясы да өндүрүлөрүн белгилеп, мыйзам долбоорунда электр энергиясы боюнча тиешелүү нормаларды так жазууну сунуштады. Эл өкүлү Эльдар Абакиров жылуулук жана электр энергиясына тарифтерди бекитүү, Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча суроолорду узатты. Депутат Чыңгыз Айдарбеков да Бишкек жылуулук электр борборундагы аварияларды эске салып, тиешелүү жетекчилердин жоопкерчилиги жана Бишкек мэриясынын жылуулук менен камсыздоого даярдыгы тууралуу маселеге токтолду.

Майдын аягында Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында борбор калаадагы Чыгыш автобекетинин имаратын, “Бишкек жылуулук тармактары” мекемесинин филиалдарын, Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жана башка объектилерди Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө токтомдун долбоору жактырылды.

Президент Садыр Жапаров 5-апрелде “Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Анда башка маселелер менен катар "Электр станциялары" мамлекеттик ишканасынын филиалдары: Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ) жана Ош ЖЭБи, “Бишкекжылуулуктармагы” ишканасы да муниципалдык жылуулук менен жабдуучу ишканаларды түзүү жолу менен тиешелүү мүлкү, штаттары, каржылоосу жана милдеттенмелери менен чогуу жергиликтүү бийликтин жана шаар мэрияларынын балансына өткөрүп берүү каралган эле. Мунун максаты аталган объектилерге мамлекеттик субсидия кылууну азайтуу максатын көздөйт.

Быйыл 2-февралда Бишкек ЖЭБинде жарылуу болгон. Анын айынан электр энергиясын өндүргөн жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган. Натыйжада борбор калаада жылуулук жана ысык суу берүү чектелип, үч күндөн кийин калыбына келтирилген. Кырсыкта беш адам жабыркап, абалы оор эки жумушчу Түркияда дарыланып келди. (ErN)

XS
SM
MD
LG