Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:48

Байден АКШ жарандарынын мыйзамсыз жүргөн жубайларына мунапыс берет


АКШ президенти Жо Байден.
АКШ президенти Жо Байден.

Жо Байден депортация тууралуу соттун чечими бар АКШ жарандарынын жубайларына мунапыс жарыялады. Бул тууралуу эл аралык маалымат каражаттары жазып чыкты.

Би-Би-Си жазгандай, Ак үй бул өлкөдө кеминде 10 жылдан бери жүргөн АКШ жарандарынын жубайларын мыйзамдаштырууну чечти. Аларга убактылуу иштөөгө уруксат берилет. Расмий маалыматка караганда, бул мүмкүнчүлүктү кеминде жарым миллиондон ашык адам пайдалана алат.

Иммиграция 2024-жылдын ноябрь айында өтүүчү президенттик шайлоодогу негизги маселелердин бири. Анда азыркы президент Жо Байден менен экс-лидер Дональд Трамп ат салышары күтүлүп жатат. Reuters/Ipsos агенттиктери май айынын ортосунда жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, иммиграциялык маселеге келгенде добуш берүүчүлөр Байденге караганда Трампка артыкчылык берет.

Байден бир нече айдан бери Сенатта чек аралардын коопсуздугун катаалдаштырган мыйзам долбоорун өткөрүүгө аракет кылып, бирок ал ишке ашкан жок. Ал долбоордо чек арадан мыйзамсыз кирген мигранттардын саны кайсы бир деңгээлге жеткенде мигранттарга башпаанек суроого тыюу салуу каралган.

Документти эки партиядан тең турган сенаторлор тобу даярдаган. Бирок ага мурдагы президент Дональд Трамп каршы чыккандан кийин республикачылар колдоодон баш тарткан. Анда Трамп бул мыйзамга “бир гана келесоолор добуш берерин” айткан. (AiA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG