Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:17

Орусияда полиция мигранттарды өлкөдөн чыгаруу укугуна ээ болот


Орусиядагы рейд. (архивдик сүрөт)
Орусиядагы рейд. (архивдик сүрөт)

Орусиянын Мамлекеттик Думасы полицияга чет элдик жарандарды өлкөдөн чыгарууга уруксат берген мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Ушу тапта Орусияда чет элдик жаранды өлкөдөн чыгаруу чечимин сот же чек ара кызматы кабыл алат.

"Свобода" радиосу жазгандай, аталган мыйзам долбоорунда өлкөдөн чыгаруу жөнүндө чечими бар же Орусияда жашоого уруксат кагазы жокко чыгарылган чет өлкөлүк жарандар үчүн атайын эрежелер каралган.

Өлкөдөн чыгаруу чечимин алган жаранга Орусияда кыймылсыз мүлк жана транспорт каражаттарын сатып алууга тыюу салынат. Андай жарандарга унаа айдаганга, насыя алганга, Орусиянын аймагында ээн-эркин жүргөнгө, үйлөнгөнгө, жаңы банктык эсеп ачууга жана айына 30 миң рублдан ашык каражат коротууга тыюу салынат.

Мындай мигранттар тыкыр көзөмөлдө болуп, аты-жөнү реестрге киргизилет жана алар жүргөн жери тууралуу полицияга үзгүлтүксүз маалымат берип турууга, геолокация белгиси бар сүрөттөрдү жөнөтүүгө милдеттүү болот.

Быйыл мартта “Крокус Сити Холлдогу” теракттан кийин Орусияда мигранттарга карата ксенофобиялык (ишенбей, чочулаган) маанай күчөгөн. Өлкөнүн ар кайсы аймактарында укук коргоо кызматкерлери чет элдик жумушчулардын жашаган жана иштеген жерлерин текшере баштаган. Мигранттарды аскер комиссариатында каттоого алган учурлар да көбөйгөн.

Аз күн мурун кыргыз өкмөтү мекенине кайткан мигранттар тууралуу маалымат берип, чет өлкөдө жүргөн эмгек мигранттардын саны дээрлик 300 миң адамга азайганын айтып чыкты.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, кыргызстандык мигранттардын саны соңку жылы Орусияда, андан кийин Түркияда кыскарган. (AiA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG