Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:46

Аба ырайы: Ысык-Көлдө суу жылый баштады


Ысык-Көл.
Ысык-Көл.

19-июндан 23-июнга чейинки туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суу кирет.

20-июнда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндуз 31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26 градус жылыйт.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр.

Абанын температурасы түнкүсүн 19…21°, күндүз 33…35° ысыйт.

Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт. Абанын табы түнкүсүн 14…16°, күндүз 25…27° жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 18-июнда күндүз 20°, 19-июнда эртең менен 18,3° жылуу болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG