Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:00

Кыргызстанда Улуттук инвестициялык фонд түзүлдү


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фондун түзүү жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу маалымат президенттин сайтына жарыяланды.

Фонд мамлекеттин катышуу үлүшү бар чарбалык коомдорду башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттин катышуу үлүшү бар чарбалык коомдордун наркынын туруктуу өсүшүн камсыз кылуу жана капиталдын жергиликтүү жана эл аралык рыногуна чыгуу жолу менен инвестицияларды тартуу максатында уюштурулду.

Улуттук инвестициялык фонду чет жактан инвестицияларды тартып, ар кандай долбоорлорду ишке ашыруу менен алектенет.

Маалыматта фонду кайсы компанияларды башкарары жана кайсы долбоорлорду ишке ашырары так көрсөтүлгөн эмес.

Кыргыз өкмөтү 2022-жылы инвестиция тартуу менен алектене турган "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингин түзгөн. Анын жетекчиси болуп ошол маалда "Кумтөр Голд Компани” ишканасынын тышкы башкаруучусу болуп турган Теңгиз Бөлтүрүк дайындалган. Улуттук холдинг кен казуу, гидроэнергетика, билим берүү, туризм жана башка тармактарда 30дан ашык ири долбоорду ишке ашыруу планын жарыялаган. Кийин Кумтөр ишине байланыштуу Теңгиз Бөлтүрүк кармалып, холдинг 2023-жылы кайрадан жоюлган.

2023-жылы Кыргызстанга 844 млн 895,7 миң доллар түз инвестиция келген жана 2022-жылга салыштырмалуу дээрлик 30%га кыскарган. Ошол эле маалда былтыр 685 млн 697,3 доллар көлөмүндөгү тикелей инвестиция чыгарылып кеткен жана ал сумма мурдагы жылга салыштырмалуу 40%га азайган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG