Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:12

Бажы кызматы Ыдырыс Исаковдун материалына байланыштуу билдирүү таратты


Ыдырыс Исаковдун “Казынаны какшаткан жыртык” материалынын скриншоту.
Ыдырыс Исаковдун “Казынаны какшаткан жыртык” материалынын скриншоту.

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы эркин журналист Ыдырыс Исаковдун YouTube каналында жарыяланган “Казынаны какшаткан жыртык” аталыштагы видеоматериал боюнча билдирүү таратты. Маалымат аталган кызматтын сайтына жарыяланды.

Мекеме анда журналист кыргыз-казак чек арасындагы жыгач материалдарын ташып келүү тууралуу материалында маселени терең изилдеген эмес деп эсептейт жана Бажы кызматындагы кызматкерлерин коррупцияга айыптап жатканы менен бажы кызматкерлеринин өздөрүнөн комментарий албаганына нааразы болгон.

“Исаков башка мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдардын кызматкерлеринен интервью алып, бирок бажы кызматын күнөөлөөнү улантууда. Мындай аракеттер көз карандысыз журналист каралоо боюнча атайын иш алып барып, бажы кызматын коомчулуктун алдында жаманатты кылуу максатын көздөйт же серепчи мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрүн түшүнбөйт деген ойго түртөт. Анда, Ыдырыс Исаков “иликтөө” жүргүзүүгө жана мындай маалыматтарды жарыялоого канчалык компетенттүү деген суроо туулат?!”, – деп айтылат Бажы кызматынын билдирүүсүндө.

Мекеме жүйө катары Кыргызстан 2015-жылы Евразия Экономикалык Бирлигине (ЕАЭБ) кошулганын эскертип, уюмга мүчө мамлекеттердин аймактарынын ортосунда товарларды бажы декларациялоо жана мамлекеттик көзөмөлү жок, эркин ташуу ишке ашырыла турганын билдирет. Башкача айтканда, 9 жылдан бери кыргыз-казак чек арасында бажы көзөмөлү жок.

Бажы кызматы ушул жагдайларлы эске алуу менен Ыдырыс Исаковду кетирген катасын оңдоого жана бажы кызматынын дарегине айтылган айыптар боюнча төгүндөө түрүндө видеоматериал жарыялоого чакырган. Мекеме ансыз Мамлекеттик бажы кызматынын аброюн коргоо үчүн тиешелүү органдарга кайрылууга аргасыз болорун маалымдаган.

Ыдырыс Исаков "Азаттыкка" берген комментарийинде өз материалында маселеге түздөн-түз Бажы кызматын айыптабаганын белгилеп, анда жалпы мамлекеттик системанын, анын ичинде бажы-салык тармагындагы алешемдиктер, тиешелүү адамдардын мыйзамсыз аракеттери жөнүндө кеп болуп жатканын айтты. Ал зарыл болсо баяндарында Бажы кызматынын позициясын берип, кошумча түшүндүрмө материал чыгарууга даяр экенин билдирди.

Эркин журналист Ыдырыс Исаков өзүнүн YouTube каналында “Казынаны какшаткан жыртык” деп аталган иликтөөсүн 17-июнда жарыялаган. 19-июнга карата видео 165 миң ирет көрүлдү.

Материалда журналист кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетиндеги жүк өткөрүү процессиндеги жагдайлар жөнүндө баяндаган. Исаков Орусиядан ташылып келип жаткан жыгачтар “Казакстандан келген” деп жазылып, баасы арзан наркта көрсөтүлүп турарын, бул салык төлөөдөн качууга алып келип, коррупцияга жол ачып жатканын кеп кылган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG