Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:45

Сот Өндүрүш Токтонасыровду күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып салды


Судья Ильязбек Тажыбаев жана Өндүрүш Токтонасыров. Бишкектин Биринчи май райондук соту. 19-июнь, 2024-жыл.
Судья Ильязбек Тажыбаев жана Өндүрүш Токтонасыров. Бишкектин Биринчи май райондук соту. 19-июнь, 2024-жыл.

19-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Ильязбек Тажыбаев укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровду күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып салды. Өндүрүш Токтонасыров соттун бул чечимине макул эмес экенин жана ага каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрыла турганын айтты.

“Бул менин жарандык позицияма жана укук коргоочулук ишиме байланыштуу чечим. Укук коргоочулук ишиме бут тосуу катары баалайм”, - деди ал соттун чечиминен кийин журналисттерге берген комментарийинде.

18-июндагы процессте прокурор Айжамал Мырзасапарова Өндүрүш Токтонасыровду үч жылга абакка кесип, сот залынан камакка алууну сураган. Отурумда тараптардын жарыш сөзү болуп, адвокат укук коргоочунун күнөөсү далилденбегенин айтып, Өндүрүш Токтонасыровду актоону өтүнгөн.

Өндүрүш Токтонасыровго Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен козголгон кылмыш иши Биринчи май райондук сотунда былтыр сентябрдан бери каралууда. 2023-жылы 2-ноябрдагы сот жараянында укук коргоочунун соцтармактардагы жазгандарына экспертиза жүргүзгөн лингвист көрсөтмө берип, активисттин жазгандары “кастыкты козуткан” деген тыянак чыккан.

Ага каршы кылмыш иши 2023-жылдын 30-мартында козголгон. Өндүрүш Токтонасыров өзү бул тууралуу үч айдан кийин, 30-июнда билген. Ошол күнү аны милиция кармап кетип, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгынын имаратында бир нече саат сурак берип чыккан. Кийинчерээк суракка күбө катары чакырылганы, Фейсбукка жазгандары боюнча лингвистикалык экспертиза дайындалганы маалым болгон.

66 жаштагы Өндүрүш Токтонасыров адам укуктары, сөз эркиндиги, чек ара, Украинадагы согуш жана башка маселелер тууралуу өз оюн ачык жазып, митинг, акцияларга чыгып келет. (BTo/TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG