Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:32

Кыргызстан Түркиядан акысыз дарылануучулардын квотасын 500гө көбөйтүүнү өтүндү


Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев менен Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары Нух Йылмаздын жолугушуусу. ТИМ тараткан сүрөт.
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев менен Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары Нух Йылмаздын жолугушуусу. ТИМ тараткан сүрөт.

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары Нух Йылмаз менен жолугуп, эки тараптуу саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.

Казакбаев кыргыз тарап Кыргызстандын 150 жаранын Түркиянын медициналык мекемелеринде жыл сайын акысыз дарылоону караган Саламаттыкты сактоо жана медицина илимдери жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашырууну тез арада жандандыруунун жана берилген квотаны жылына 500 адамга чейин кеңейтүү маанилүүлүгүн белгиледи.

Маалыматта мындай өтүнүчкө Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары Нух Йылмаз кандай деп жооп бергени айтылган жок.

Сүйлөшүүдө мындан сырткары алдыда боло турган иш-чаралардын графиги жана быйылкы жылы эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги пландалган сапарлар жана жолугушуулар да каралды.

Тараптар эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү жана тереңдетүү жана өлкөлөр ортосундагы өз ара соода жүгүртүүнү жогорулатуу, анын ичинде Кыргыз-Түрк өнүктүрүү фондун (инвестиция) түзүү, ошондой эле билим берүү тармагында кызматташууну тереңдетүү маселелерин кеңири талкуулашты.

2014-жылы кыргыз жана түрк өкмөттөрүнүн ортосунда түзүлгөн макулдашууга ылайык, жыл сайын Кыргызстандан 100 бейтап Түркияга келип, акысыз дарыланып жүргөн. 2019-жылы май айында квотаны 150 кишиге көбөйтүү боюнча протоколго кол коюлган. Бул ортодо токтоп калганы кабарланган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG