Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:17

Өндүрүш Токтонасыровго акыркы сөз берилди


Өндүрүш Токтонасыров.
Өндүрүш Токтонасыров.

19-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровдун соттук иши уланып, ага акыркы сөз берилди.

Токтонасыров соңку сөзүндө эч кандай күнөөсү жок экенин, милиция анын жарандык позициясын токтотууга аракет кылып жатканын айтты. Ал эгерде туура эмес чечим чыкса эл аралык уюмдарга, сотторго кайрыларын белгиледи.

Сот кеңешүүгө кетти. Бул күнү өкүм чыгары кабарланды.

18-июндагы процессте прокурор Айжамал Мырзасапарова Токтонасыровду үч жылга абакка кесип, сот залынан камакка алууну сурады. Бул жолку отурумда тараптардын жарыш сөзү болуп, адвокат укук коргоочунун күнөөсү далилденбегенин айтып, Өндүрүш Токтонасыровду актоону өтүндү.

Өндүрүш Токтонасыровго Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен козголгон кылмыш иши Биринчи май райондук сотунда былтыр сентябрдан бери каралууда. 2023-жылы 2-ноябрдагы сот жараянында укук коргоочунун соцтармактардагы жазгандарына экспертиза жүргүзгөн лингвист көрсөтмө берип, активисттин жазгандары “кастыкты козуткан” деген тыянак чыккан.

Ага каршы кылмыш иши 2023-жылдын 30-мартында козголгон. Өндүрүш Токтонасыров өзү бул тууралуу үч айдан кийин, 30-июнда билген. Ошол күнү аны милиция кармап кетип, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгынын имаратында бир нече саат сурак берип чыккан. Кийинчерээк суракка күбө катары чакырылганы, Фейсбукка жазгандары боюнча лингвистикалык экспертиза дайындалганы маалым болгон.

66 жаштагы Өндүрүш Токтонасыров адам укуктары, сөз эркиндиги, чек ара, Украинадагы согуш жана башка маселелер тууралуу өз оюн ачык жазып, митинг, акцияларга чыгып келген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG