Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:00

Киевде оппозициячыл казак активистке белгисиз бирөө ок атты


Айдос Садыков (архивдик сүрөт).
Айдос Садыков (архивдик сүрөт).

18-июнда казакстандык оппозиционер жана журналист Айдос Садыковду Украинанын борбору Киевде белгисиз бирөө атып кеткен. Активисттин жубайы Наталья Садыкова Фейсбуктагы баракчасына Киевдеги үйүнүн жанында «күйөөсүн өлтүрүүгө аракет» болгонун жазды.

Украинанын полициясы белгисиз бирөө токтоп турган автоунаадан бир кишини атып, окуя болгон жерден качып кеткенин билдирип, жабырлануучу тууралуу маалымат берген эмес. Башкы прокуратура "Казакстандын жаранын өлтүрүүгө аракет кылуу" фактысы боюнча иликтөө башталганын, жабырлануучу ооруканага жаткырылганын, абалы оор экенин билдирди. Мекеме тараткан маалыматта Садыковдун аты аталган эмес.

Казак укук коргоочусу Инга Иманбай активисттин жубайына таянып, Садыков Киевдеги оорукананын реанимация бөлүмүндө экенин жазды.

«БӘСЕ» YouTube каналынын авторлору Айдос менен Наталья Садыковдор качкын макамын алып, Украинада жашайт. Жубайлар 2014-жылы Наталья Садыковага Казакстанда кылмыш иши козголгондон кийин Киевге көчүп кетишкен. Айдос Садыков Казакстанда саясий куугунтукка кабылып келгенин айтып келген.

Өткөн жылдын октябрь айында казак бийлиги аларга “жек көрүүчүлүктү козуткан” деген берене менен иш козгоп, издөө жарыялаган. Айдос Садыков “Азаттыктын” каза кызматына кылмыш иши "саясий жүйөдөн" улам ачылганын айткан. (AiA)

XS
SM
MD
LG