Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:44

Европа чемпионаты: серб күйөрмандарынын жоругу иликтенип жатат


Гельзенкирхен, Германия. 16-июнь, 2024-жыл.
Гельзенкирхен, Германия. 16-июнь, 2024-жыл.

17-июнда Европалык футбол федерациялар биримдиги (УЕФА) Германиянын Гельзенкирхен шаарында Англия менен болгон футбол боюнча Европа чемпионатынын тайпалык баскычындагы беттеште серб күйөрмандарынын тартип бузганы тууралуу иликтөө жарыялады.

УЕФА Сербиянын футбол фанаттарына "спорттук иш-чарага туура келбеген чагымчыл билдирүү таратуу" айыбын такты. Ошондой эле иликтөө "басмырлоочу жүрүм-турумга" байланыштуу да жүрүшү мүмкүн.

Сербия эгемендигин кабыл албай келген Косово провинциясынын футбол ассоциациясы серб күйөрмандары Косовонун желегинин сүрөтүн көтөрүп, “саясий, шовинисттик жана расисттик маанайдагы билдирүүлөрдү” айтып жатышат деп арызданган.

УЕФА эки маселе боюнча чечим "өз убагында" кабыл алынат деп билдирди. Сербия 20-июнда Мюнхендеги стадиондо Словения менен беттешет.

16-июнда Англияга 0:1 эсебинде утулуп калган оюндун алдында жаңжал чыгып, Сербиянын жети күйөрманын немис полициясы кармаган.

Футбол боюнча Европа чемпионаты 14-июнда башталды. Алгачкы беттеш Мюнхенде өтүп, талаа ээси Германия Шотландияны ири эсепте (5:1) жеңген. Чемпионатка 24 өлкөнүн курама командалары катышууда. Алар алты тайпага бөлүнгөн:

  • А: Германия, Шотландия, Венгрия, Швейцария
  • В: Испания, Хорватия, Италия, Албания
  • С: Словения, Дания, Сербия, Англия
  • D: Польша, Нидерланддар, Австрия, Франция
  • E: Бельгия, Словакия, Румыния, Украина
  • F: Түркия, Грузия, Португалия, Чехия

1/8 финалдын беттештери 29-июндан 2-июлга чейин өтөт. Ал эми чейрек финал 5–6 июлда, жарым финалдык беттештер 9-10-июлга белгиленген. Финалдык оюн 14-июлда өтмөкчү. (AiA)

XS
SM
MD
LG