Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:42

18-июнь: Жаңы темир жол 31 жылдан кийин Кыргызстанга өтөт, Кадыровдун жашыруун аялдары менен балдары


“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун планы
“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун планы

18-июнда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Газада дагы 10 киши мерт болду

Дүйшөмбүдө коммерциялык жүк ташыган машиналарды күтүп турган палестин соодагерлерине урулган соккудан кеминде сегиз киши каза болгонун "Рейтерс" билдирди. Газанын АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган ХАМАС тобу көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемесинин маалыматында кечээтен бери жалпысынан 10 киши мерт болду, 73 киши жараат алды.

Прокурор Өндүрүш Токтонасыровду үч жылга абакка кесүүнү сурады

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда прокурор Айжамал Мырзасапарова укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровду үч жылга абакка кесип, сот залынан камакка алууну сурады. Бул жолку отурумда тараптардын жарыш сөзү болуп, адвокат укук коргоочунун күнөөсү далилденбегенин айтып, жарандык актвистти актоону өтүндү. Кылмыш иши 2023-жылы 30-мартта козголгонун Токтонасыров үч айдан кийин билген. Ошол күнү милиция кармап кетип, ал Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгынын имаратында бир нече саат сурак берип чыккан.

Жогорку Сот Кемпир-Абад иши боюнча өкүм чыгарган судья кызматтан кетпегенин билдирди

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Бишкектин Биринчи май райондук сотунун Кемпир-Абад иши боюнча айыпталган саясатчылар менен активисттерге актоо өкүмүн чыгарган судьясы Марат Сыдыков кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы жөнүндө маалыматты четке какты. 14-июнда Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган 22 саясатчыны жана активистти актаган.

Азамат Сакиев “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу 31 жылдан кийин толук Кыргызстанга өтөрүн билдирди

“Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясынын башкы директору Азамат Сакиев “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун үч өлкө 31 жыл бирге иштеткенден кийин ал толугу менен Кыргызстандын балансына өтөрүн билдирди. Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде депутат Бактыбек Сыдыков “мындай шарт негизги документ болуп саналган макулдашууга киргизилиши керек эле” деп айтты. Сакиев “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоорунун баасы 4 млрд 700 млн доллар деп бааланганын билдирди.

Ташиев мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештиргендер аны өкмөткө кайтара турганын айтты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунда мечиттин ачылышына катышкан соң өлкөдө мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен мүлктү кайтаруу маселеси тууралуу кайрадан билдирүү жасады. Ташиевдин тургундар менен сүйлөшүп жаткан видеосу Фейсбукта жарыяланды. “Жүз миңдеген, миллиондогон элдин байлыгын бир адам же беш адам басып алып олтурат. Алардын бардыгын кайтарышыбыз керек”, - деди Ташиев. Бул билдирүү кызуу талкууланып, аны сындагандар дагы, мыйзамсыз менчиктештирилген мүлк мамлекетке кайтарылышы керек деп колдогондор дагы бар.

Татарстандын Жогорку соту “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы Алсу Курмашеваны абакта калтырды

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун татар-башкыр кызматынын журналисти Алсу Курмашева 5-августка чейин тергөө абагында калганын "КоммерсантЪ" гезити Курмашеванын адвокатына шилтеме берип жазды. Адвокат Курмашеванын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну өтүнгөн. Соттук отурум жабык эшик артында өттү. Акыркы сот отурумунда журналист саламаттыгы начарлап баратканын айткан. Курмашева 2023-жылдын октябрынан бери камакта отурат.

Рамзан Кадыровдун үй-бүлөсү тууралуу иликтөө жарыяланды

Дүйшөмбүдө "Проект" басылмасы Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров жана анын үй-бүлөсү боюнча иликтөөнү жарыялады. 2,5 сааттан ашык созулган даректүү тасма “Киши өлтүрүүлөр, жашы жете электердин гареми жана Рамзан Кадыровдун мураскорлорунун сыры” деп аталат. Иликтөөдө Рамзан Кадыровдун атасы Ахмат Кадыровдун Чеченстанда бийликке келиши баяндалып, анын өлүмү, Кадыровдун оппоненттери жана алардын балдарынын өлтүрүлүшү тууралуу сөз болот.

Прокуратура журналисттин сабалышы боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартты

Жаза аткаруу органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө прокуратурасы Махабат Тажибек кызынын тергөө абагында сабалганы айтылган окуя боюнча түшүндүрмө берип, кылмыш ишин козгоодон баш тартылганын билдирди. 6-апрелде "Temirov Live" жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун негиздөөчүсү Болот Темиров жубайы Махабат Тажибек кызын жана аны менен тергөө абагында чогуу отургандарды убактылуу кармоочу жайдын кызматкерлери ур-токмокко алганын билдирген.

Столтенберг Батыш Кытайдын Орусияга жардам бергенин жоопсуз калтырбашы керектигин айтты

Дүйшөмбү күнү НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Вашингтондогу Вильсон борборунда Батыш Орусияга Украинага каршы согушта олуттуу технологиялык жардам көрсөтүп жаткан Бээжиндин иш-аракетин жоопсуз калтырбашы керек деди. "Свобода" радиосу жазгандай, Столтенберг Орусия акыркы эки жылда колдонгон микроэлектрониканын 90% Кытайдан чыкканын жана ал курал-жарак өндүрүү үчүн колдонуларын белгилеген. Ошондой эле НАТОнун баш катчысы Кытай Орусия менен спутник технологияларын өнүктүрүү боюнча да кызматташып жатканын айтты.

Бишкектеги “Манас” аэропортунун эл аралык коду “FRU” дегенден башкага алмаштырылат

“Манас” эл аралык аэропортунун кодун “FRU” аталышын башка аталышка алмаштыруу боюнча аракеттер уланып жаткананын Жарандык авиация агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу Данияр Бостонов Жогорку Кеңештин профилдик комитетинде билдирди. "Манас" эл аралык аэропортунун “FRU” деп аталган коду Бишкек шаарынын СССР маалындагы аталышы – Фрунзе дегенден алынган. Мурдагы Пишпек 1925-26-жылдардан тартып Фрунзе деп аталып, 1991-жылы Кыргызстан эгемендик алган соң Бишкек аталышына кайтарылган. Ошондон бери борбор калаадагы аэропорттун кодун жаңыча аталышка өзгөртүү аракеттери ишке ашпай келген.

"Азаттыктын" бул жана башка жаңылыктарын Telegram жана WhatsApp платформаларынан да окуп туруңуз.

XS
SM
MD
LG