Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:16

Столтенберг Батыш Кытайдын Орусияга жардам беришин жоопсуз калтырбашы керектигин айтты


НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг.

Дүйшөмбү күнү НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Вашингтондогу Вильсон борборунда Батыш Орусияга Украинага каршы согушта олуттуу технологиялык жардам көрсөтүп жаткан Бээжиндин иш-аракетин жоопсуз калтырбашы керек деди.

"Свобода" радиосу жазгандай, Столтенберг өз сөзүндө Орусия акыркы эки жылда колдонгон микроэлектрониканын 90 пайызы Кытайдан чыкканын жана ал курал-жарак өндүрүү үчүн колдонуларын белгилеген. Ошондой эле НАТОнун баш катчысы Кытай Орусия менен спутник технологияларын өнүктүрүү боюнча да кызматташып жатканын айтты.

"Кытай Экинчи дүйнөлүк согуштан берки Европадагы эң ири аскердик чыр-чатакты тутандырып жатат, ошол эле учурда Европа менен жакшы мамиледе болууга аракет кылууда. Бээжин эки тарапта тең боло албайт. Эгер Кытай багытын өзгөртпөсө, союздаштар аны бул аракеттери үчүн жооп бердириши керек”, - деди НАТОнун баш катчысы.

Ушул эле күнү АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Жон Кирби да Бээжинди сынга алып, кытай микроэлектроникасы "Орусиянын кыйраган аскердик өнөр жай базасын бекемдөөгө жардам бергенин" айтты. Кирбинин айтымында, Америка Кошмо Штаттары бул маселени кытайлык өкүлдөр менен сүйлөшүү учурунда да талкуулаган.

Швейцариянын Бюргеншток курортунда 16-июнда Украинанын демилгеси менен Тынчтык саммити өттү. Тынчтык саммитине 9одон ашуун өлкөнүн өкүлдөрү катышты. Ага Орусия чакырылган эмес. Ал эми Кытай саммитке өз өкүлүн жиберүүдөн баш тарткан. (AiA)

XS
SM
MD
LG