Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:50

Газада дагы 10 киши мерт болду


Газа тилкеси.
Газа тилкеси.

Дүйшөмбүдө коммерциялык жүк ташыган машиналарды күтүп турган палестин соодагерлерине урулган соккудан кеминде сегиз киши каза болгонун Рейтерс билдирди. Газанын АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган ХАМАС тобу көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемесинин маалыматында кечээтен бери жалпысынан 10 киши мерт болду, 73 киши жараат алды.

Израил Газага гумжардамдын жеткирилишин камсыздоо үчүн 15-июндан тарта күн сайын саат эртең мененки 8ден кечки 7ге чейин «Карем-Шалом» өткөрмө бекетинен Салахеддин жолуна чейинки тилкеде «тактикалык тыныгуу» болорун, 11 саат бою ок атылбай турганын, бирок Бириккен Улуттар Уюму бул жолду азырынча пайдалана электигин билдирген.

Газага жөнөтүлгөн эл аралык жардам сектордогу муктаж жай тургундарга жетпей жатат деп Израил БУУну айыптап келет. Ал эми Улуттар Уюму буга израилдик аскерлердин «узак жана негизсиз» текшерүүлөрү менен чабуулдары себеп экенин айтууда.

Газада ХАМАС менен Израил армиясынын согушунун кесепетинен сегиз айдан ашуун убакыттан бери бул сектордо жашаган палестиндердин 37 миңден ашууну каза болгонун анклавдын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө. Мекеме жарыялаган сан күмөн жаратпай турганын БУУ маалымдаган. (AiA)

XS
SM
MD
LG