Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:29

Шыкмаматов МИКтен бошотулуп, президенттин жардамчысы болду


Садыр Жапаров жана Алмамбет Шыкмаматов.
Садыр Жапаров жана Алмамбет Шыкмаматов.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык Алмамбет Шыкмаматов президенттин жардамчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрагасы кызматынан кеткени да белгилүү болду. Ал бул кызматка 2023-жылы сентябрь айында бекитилген.

Ага чейин “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын жетекчиси болуп иштеген.

Алмамбет Шыкмаматов 2021-жылы Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин жетекчиси да болуп эмгектенген. Кийин бул кызматын тапшырып, ошол эле жылдын ноябрь айында өткөн парламенттик шайлоого “Ынтымак” партиясынан талапкер болгон. 2021-жылкы президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун Нарын облусундагы штабын жетектеген.

2015-2020-жылдары Жогорку Кеңеште “Ата Мекен” фракциясынан депутат болгон. 2011-2015-жылдары юстиция министринин кызматын аркалаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG