Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:57

Казакстанда абактагы активист ачкачылык жарыялады


Айдар Сыздыковду кармоо учуру. Астана 16-май, 2024-жыл.
Айдар Сыздыковду кармоо учуру. Астана 16-май, 2024-жыл.

"Азаттыктын" казак кызматы быйыл майда «маңзат сатууга» шектелип кармалган активист Айдар Сыздыков 14-июндан бери Астанадагы убактылуу кармоочу жайда ачкачылык кармап жатканын жазды. Бул тууралуу журналисттерге активисттин жубайы Айгүл Токпаева кабарлаган. Маалыматка караганда, активисттин ачкачылык кармашына тергөөчүнүн Сыздыковдун жубайын коомдук жактоочу болушуна каршы чыкканы себеп болгон.

Астанадагы СИЗОнун кызматкери Сыздыков ачкачылык жарыялаганын “Азаттыкка” тастыктап, активист азыр суу гана ичип жатканын айтты. Ал Сыздыков ага карата ачылган «кылмыш ишине макул эмес» деп билдирди.

Айгүл Токпаеванын айтымында, тергөөчү алгач анын мамлекеттик жактоочу катары катталуу боюнча арызын кабыл алып, андан соң «сен күбө болушуң мүмкүн» деген жүйө менен баш тарткан. Тергөөчү Калихан Кандашбеков “Азаттыкка” “мыйзам чегинде иш аракет кылдым” деп жооп берген.

Айдар Сыздыковду күч кызматкерлери 16-майда Астанадан кармап кетишкен.

Быйылкы жылы эле активист оппозиция митинг өткөрүүнү көздөп жатканын жарыялагандан кийин кеминде эки жолу 15 суткага камалган. 16-мартта Астана соту аны "Тынчтык митингин уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартибин бир жыл ичинде кайталап бузуу" деген айып менен камаган. 2-мартта Европа Биримдигинин жана бир катар Батыш өлкөлөрүнүн өкүлчүлүктөрү жайгашкан жерде өткөн акцияга катышкан деп камакка алган. Сот отурумунда Сыздыков ал акцияга катышпаганын, колунда эч кандай плакаты болбогонун, окуянын жанынан өтүп баратып гана видеого тартып алганын айткан.

Айдар Сыздыков ага чейин да кармалып, административдик камакка алынган. Былтыр аны жана бир нече активистти Астанада кармап кетип, полицияга жеткиришкен. Аларга күч колдонгону, Сыздыков сабалганы маалымдалган. (AiA)

XS
SM
MD
LG