“Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун үч өлкө 31 жыл биргелешип иштеткен соң ал толугу менен Кыргызстандын балансына өтөрүн билдирди. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 18-июндагы жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.
Депутат Бактыбек Сыдыков темир жол кайсы каражатка курулуп, кандай кандай башкарыларын, Кыргызстанга качан толук өткөрүлөрүн тактап сурады.
“Кыргыз темир жолу” компаниясы жетекчиси Азамат Сакиев “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоорунун баасы 4 млрд 700 млн доллар деп бааланганын билдирди.
Сакиевдин сөзүнө караганда, бул каражаттын 51% Кытай берет, Кыргызстан менен Өзбекстан 24,5%дан чыгарат. Маалымат боюнча, Кытай 4 млрд 700 млн доллардын жарымын – 2 млрд 350 млн долларды үч өлкө түзгөн Биргелешкен долбоорлоочу компанияга (БДК) насыя катары берет. Калган 2 млрд 350 млн долларды үч мамлекет чыгарат. Бул сумманы үчкө бөлгөндө 783 млн доллардан тиет. Сакиев ушул тапта темир жолду куруу үчүн Кытайдан алына турган насыянын шарттары жана пайызы боюнча маселе чечиле элек экенин кошумчалады.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу үчүн үч өлкө Биргелешкен долбоорлоочу компания (БДК) түзөт. Ал ишкана Кыргызстанда жайгашат. Компанияда Кытайдын үлүшү 51% болот, калганы Кыргызстан менен Өзбекстанга тең бөлүнүп, ар бирине 24,5% тиет.
Азамат Сакиев калган маселелер учурда даярдалып жаткан Инвестициялык макулдашууда өзүнчө жазыларын белгилеп, темир жол ага кеткен каражатты актап бүткөн соң анын Кыргызстандагы бөлүгү толугу менен кыргыз тарапка өтөрүн белгиледи. Ал муну үчүн баштапкы мөөнөт катары 31 жыл деп эсептелип жатканын кошумчалады.
Депутат Бактыбек Сыдыков “мындай шарт негизги документ болуп саналган макулдашууга киргизишилиши керек эле” деди. Башка эл өкүлдөрү Исхак Масалиев менен Улукбек Ормонов да негизги келишимде аталган маселе, андан башка жагдайлар да каралбай калганын сынга алышты.
Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу тууралуу үч өлкөнүн өкмөттөрү кол койгон макулдашууну ратификациялоо мыйзам долбоору колдоо тапты.
Министрлер кабинети Жогорку Кеңешке Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун киргизди. Ага ылайык, темир жолду курууга Кытайдын China Railway International компаниясы, Кыргызстандын “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы жана Өзбекстандын “Узбекистон темир йуллари” акционердик коому жооптуу болот.
Темир жол “Кашкар - Торугарт - Макмал - Жалал-Абад – Анжиян” багытында курулат. Анын узундугу жалпы 480 чакырымды түзсө, 311,75 чакырымы Кыргызстандын аймагынан өтөт. Кыргыз жергесинде 18 бекет, 81 көпүрө, 41 тоннель курулат. Макмалдын эки жагындагы колея эки башка өлчөмдө курулуп, ал жерге жүктү кайра жүктөөчү станция салынат. Темир жол жүк ташуучу да, жүргүнчү ташуучу да милдетти аткара алат.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин 13-июндагы отурумунда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл август айында башталарын маалымдаган.
6-июнда Бээжин шаарында “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке ашырууну биргелешип илгерилетүү боюнча үч өлкөнүн ортосундагы кезектеги макулдашууга кол коюлуп, проектти каржылоо маселеси чечилген.
2022-жылдын сентябрында Өзбекстандын Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Кытайдын лидери Си Цзинпин жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жолугушуусун утурлай “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлган. (ErN)