17-июнда Жалал-Абад облусунда селден бир өмүр кыйылганын "Азаттыкка" жергиликтүү бийликтен кабарлашты. Кочкор-Атада саат 17:30 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Момбеков айыл өкмөтүнүн Эски Кочкор-Ата, Бостон айылдарында кокту-колоттон аккан суу чогулуп, сел жүргөн.
Мунун кесепетинен Эски Кочкор-Ата айылынын тургуну, 10 жаштагы өспүрүм селге агып, каза болгону маалымдалды.
Баланын сөөгүн жергиликтүү тургундар саат 19:10до таап, жакындарына өткөрүп беришти.
Жеринде тактоо иштерин жүргүзүлүп жатат. ӨКМ кызматкерлери жана Жарандык коргонуу комиссиясы тартылып, сел каптаган аймактагы тургундар эвакуцияланууда.