Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:14

Европа чемпионаты: Албаниялык футболчунун жаңы рекорду


Италия Албаниянын беттеши.
Италия Албаниянын беттеши.

Германияда футбол боюнча Европа чемпионатынын тайпалык оюндары өтүүдө. Ишембиде үч беттеш өтүп, А тайпасындагы Венгрия 1:3 эсебинде Швейцарияга утулуп калды. В тайпасындагы Испания Хорватияны 3:0 менен жеңди. Ушул эле тайпада жайгашкан Италия Албания менен 2:1 ойноду. Бул беттештин алгачкы секундаларында (22 сек.) эле албаниялык жарым коргоочу Недим Байрами гол киргизип, жаңы рекорд жаратты.

Жекшембидеги беттештерде С тайпасындагы Словения менен Дания тең чыкты (1:1). Ушул эле тайпадагы Англия курамасы Сербияны 1:0 (Беллингем 13-мин.) эсебинде утту.

Футбол боюнча Европа чемпионаты 14-июнда башталды. Алгачкы беттеш Мюнхенде өтүп, талаа ээси Германия Шотландияны ири эсепте (5:1) жеңген. Чемпионатка 24 өлкөнүн курама командалары катышууда. Алар алты тайпага бөлүнгөн:

  • А: Германия, Шотландия, Венгрия, Швейцария
  • В: Испания, Хорватия, Италия, Албания
  • С: Словения, Дания, Сербия, Англия
  • D: Польша, Нидерланддар, Австрия, Франция
  • E: Бельгия, Словакия, Румыния, Украина
  • F: Түркия, Грузия, Португалия, Чехия

1/8 финалдын беттештери 29-июндан 2-июлга чейин өтөт. Ал эми чейрек финал 5–6 июлда, жарым финалдык беттештер 9-10-июлга белгиленген. Финалдык оюн 14-июлда өтмөкчү.

XS
SM
MD
LG