Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:02

Галиева Украинадагы согушка өз ыктыяры менен кеткен кыргызстандыктар бар экенин билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Жаркынай Галиева кыргызстандык мигранттардан Украинадагы согушка мажбурлап алып кеткендиги тууралуу арыз-даттануулар түшпөгөнүн "Азаттыкка" билдирди. Ал Орусия Украинадагы "атайын аскердик операциясына" (Орусия Украинадагы согушун СВО – специальная военная операция деп атайт – ред.) жарандарды үгүттөгөн учурлар чет элдиктерди убактылуу кармоочу "Сахарово" борборунда дагы бар экенин белгиледи. Галиева согушка өз ыктыяры менен кеткендер тууралуу маалымат бар экенин кошумчалады.

"Чындыгында булар СВОго үгүт жүргүзүп жатышат. "Сахароводо" дагы ошондой үгүттөө жүргүзүшөт. Бирок бүгүнкү күнгө чейин "мени мажбурлап алып кетип жатат" деп кайрылган эмес. Ыктыярдуу түрдө өзү барам, катышам десе катышышы мүмкүн. Бирок биз барганда ар бирине Кыргызстанда мунун жоопкерчилиги бар экенин, андан көрө мекенге кайтуусун айтабыз. Өз ыктыяры менен кеткендер бар, жок эмес".

Галиева ушундай өз ыктыяры менен Украинадагы согушка катышкан канча кыргызстандык бар экенин тактаган жок.

Министрликтик Орусиядагы өкүлчүлүгүгү Москвадагы мигранттарды убактылуу кармоочу "Сахарово" боорборунда 173 кыргызстандык кармалып турганын билдирген. Жасаган кылмышына жараша же айып пулду төлөп бүткөнгө чейин аталган борбордо февралдан бери кармалып тургандар бар экени белгиленген.

Буга чейин "Азаттык" орус армиясы Украинадагы согушка борборазиялыктарды жалдаган, азгырган жана мажбурлаган учурлар бар экенин жазып, согушта кыргызстандыктар кайтыш болгон бир нече жагдайды аныктаган. Украинада согушта набыт кеткендердин көбү орус түрмөлөрүндө жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар экени белгилүү болгон. Кыргызстандын канча жараны кан күйгөн согушка тартылганы жана канчасы каза болуп, туткунга түшкөнү тууралуу маалымат жок.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) согушка катышкандар Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренеси менен (“Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуштук аракеттерге катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү”) жоопкерчиликке тартыларын эскерткен.

Кылмыш-жаза кодексинин 416-беренесинде жалданма согушка азгыруу, каржылоо жана катышуу аракеттери үчүн 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG