Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:33

Ташкент-Тамчы аба каттамы жанданды


Ташкент-Тамчы каттамы. 16-июнь, 2024-жыл.
Ташкент-Тамчы каттамы. 16-июнь, 2024-жыл.

Быйылкы туристтик сезонго байланыштуу Өзбекстандын борбору Ташкент шаарынан Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы Тамчы аэропортуна учак каттамы 16-июндан тарта жанданды. Бүгүн Тамчыга Ташкенттен 50 жүргүнчү учуп келди.

"Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы маалымдагандай, аба каттамы аптасына үч жолу: шейшемби, бейшемби жана жекшемби күндөрү жүргүзүлөт. Кийинчерээк жүргүнчүлөрдүн агымына жараша көбөйтүлөрү кабарланды.

Ташкент-Тамчы багытында учуу убактысы эки саат.

Ташкент-Тамчы каттамы менен Ысык-Көлгө келген жүргүнчүлөр. 16-июнь, 2024-жыл.
Ташкент-Тамчы каттамы менен Ысык-Көлгө келген жүргүнчүлөр. 16-июнь, 2024-жыл.


Туристтик сезон учурунда Ташкент-Балыкчы каттамында темир жол каттамы да жанданат. Быйылкы темир жол каттам тууралуу азырынча маалымдала элек.

Ташкент-Бишкек-Балыкчы поезд каттамы биринчи жолу 2018-жылы ачылган.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы саясий мамиле оңолгону эки өлкөдө бири-бирине саякаттагандар көбөйдү.(ZKo)

XS
SM
MD
LG