Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:21

Орусияда барымтага алынган абак кызматкерлери бошотулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Ростов-на-Дону шаарындагы №1 тергөө абагынын барымтага алынган эки кызматкери жекшембиде түш ченде бошотулду. Аларды барымтага алган шектүүлөр курчоо учурда өлтүрүлгөнү кабарланды.

Маалыматка ылайык, тергөө абагынын бөлүм башчысын жана инспекторун жекшембиде барымтага алган алты адам абакта "Ислам мамлекети" террордук уюмуна тиешеси бар деп шек саналып кармалып турган.

Кызматкерлерди барымтага алгандар автоунаа, курал берүүнү жана шаардан тоскоолдуксуз чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүүнү талап кылышкан.
Baza басылмасы тергөө абагында кармалып турган алты адам терезенин темир торун бузуп, нөөмөтчүлөр отурган бөлүккө кирип барышканын, ал жерден эки кызматкерди барымтага алышканын жазган.

Интернетте шектүүлөр өз талаптарын айтып, тартылган тасмалар жарыяланган.

Түшкө жуук жергиликтүү тургундар тергөө абагы тараптан атышуулардын үнү чыкканын билдире башташты. Федералдык жаза аткаруу кызматы тергөө абагы курчоого алынганын расмий тастыктады.

Кийинчерээк кылмышкерлер өлтүрүлүп, барымтага алынган кызматкерлер бошотулганы кабарланды. Baza шектүүлөрдүн бири жеңил жараат алганын, ага медициналык жардам көрсөтүлгөнүн булактарына таянып билдирди.

XS
SM
MD
LG