Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:04

Орусия: тергөө абагында эки кызматкерди барымтага алгандар жок кылынганы кабарланды


Орусиядагы тергөө абагы. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиядагы тергөө абагы. Иллюстрациялык сүрөт.

Ростов-на-Дону шаарындагы №1 тергөө абагында кармалып тургандар жекшембиде мекеменин эки кызматкерин барымтага алышты. Бул тууралуу Орусия Федералдык Жаза аткаруу кызматынын аймактык башкармалыгы маалымдады.

Мекеменин басма сөз кызматы барымтага алган адамдар менен сүйлөшүү жүрүп жатканын, кырдаал "көзөмөлдө экенин" маалымдоодо.

Baza басылмасы аныктагандай, тергөө абагында кармалып турган алты адам камеранын терезесиндеги темир торду бузуп, нөөмөт бөлүмүнө кирип барып, кызматкерлерди барымтага алышкан.


Басылма кызматкерлерди барымтага алган шектүүлөрдүн тек-жайын да тактаган. Ага ылайык, алардын айрымдары "Ислам мамлекети" эл аралык террористтик уюмга байланышы бар экстремисттик уюмдардын мүчөсү деп шек саналгандар.

"112" Телеграм-каналы барымтага алынган эки кызматкер менен аларды кармап турган шектүүлөр экени айтылган видео жарыялады. Барымтага алынган кызматкерлердин бири - тергөө абагынын бөлүм башчысы, экинчиси инспектор экени кабарланды.

Тасмада шектүүлөр аларга автоунаа берип, тергөө абагынан чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүүнү талап кылышкан. Алар бычак жана учтуу курч буюмдар менен куралданышкан.

Astra агенттиги Ростовдун борборун күч органдары курчоого алынганын, тергөө абагы жайгашкан Красноармейская көчөсү толук бөгөттөлгөнүн, Жаза аткаруу кызматынын атайын тобу жөнөтүлгөнүн кабарлады.

Орусиянын Тергөө комитети барымтага алуу боюнча иш козгогону белгилүү болду.

Ростове-на-Донуда мобилдик байланыш, интернет, социалдык тармактар жана мессенжерлер иштебей калды.

Түш оой ростовдуктар ТИЗО тараптагы райондо атышуунун үндөрү жаңыра баштаганын, жергиликтүү медиа абак курчоого алынганын жаза баштады. Тергөө абагына тез жардам машинеси кирген.

Орусиянын Федералдык Жаза аткаруу кызматы барымтадагылар бошотулганын, алар жабыр тартпаганын билдирди. Барымтага алгандар курчоо маалында өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG