Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:18

Нью-Йорктун соту орусиялык олигархка таандык яхтаны сатууга уруксат берген жок


"Амадея" яхтасы.
"Амадея" яхтасы.

Нью-Йорктун соту АКШ өкмөтүнө орусиялык олигарх Сулейман Керимовго таандык экени айтылган "Амадея" яхтасын сатууга уруксат берген жок.

"Америка авазы" радиосу билдиргендей, сотто өкмөт өкүлдөрү яхтаны сатууга уруксат берүүнү өтүнүп, буга кемени кармап туруунун өзү салык төлөөчүлөргө ай сайын 740 миң доллардан зыян келтирип жатканын жүйө кылышты.

Сот чечимин түшүндүрүп жатып, бул сумма яхта үчүн көп эмес экенин билдирди.

106 метрлик "Амадея" яхтасы былтыр 14-апрелде Фиджи портунда АКШ бийлигинин суроосу менен кармалып, камакка алынган.

Америка өкмөтү жалпы баасы 325 миллион доллар турган кеме орусиялык миллиардер Сулейман Керимовго таандык деп эсептейт. Керимов Батыштын "кара тизмесинде".

Яхтага ээлик кылган компания сотко кайрылып, "Амадея" АКШ бийлиги белгилегендей, Керимовго эмес, "Роснефть" компаниясынын мурдагы ээси Эдуард Худайнатовго таандык экенин билдиришкен. Санкцияга илинбеген Худайнатов дагы бир “Шехерезада” деп аталган суперяхтага ээлик кылат. Иликтөөчү журналисттер кеме чындыгында орус президенти Владимир Путинге таандык болушу ыктымал деп эсептешет.

"Амадея" яхтасынын баасы 325 млн доллар.

XS
SM
MD
LG