Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:38

Садыр Жапаров "Кемпир-Абад ишине" байланыштуу сот чечимине пикирин билдирди


Президент Садыр Жапаров.
Президент Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 22 саясатчы жана активисттин акталышына байланыштуу пикирин бир күндөн кийин "Кабар" улуттук агенттигине берген маегинде билдирди. Анда ал соттун чечимине эч кандай тиешеси жоктугун, бирок, айыпталгандар учурунда элди адаштырышкан деп эсептерин айткан:

"Албетте, менин эч кандай тиешем жок. Сот – бийликтин өзүнчө бир бутагы. Мен башынан бери эле соттун ишине кийлигишкенге эч кимдин акысы жок деп айтып келе жатам го. Соттун чечимине баарыбыз баш ийишибиз керек. Ал мыйзамдуубу же жокпу аны сындаганга да акыбыз жок. Сот кандай чечим чыгарбасын, ал туурабы же туура эмеспи, макул болушубуз керек”.

Президент маегинде "Кемпир-Абад иши" боюнча айыпталгандар маалыматты бурмалап, элди шыкактаганын, эгер өзү сот болсо аларга кандайдыр бир жаза бермектигин кошумчалады.

“Негизи мен дагы эч кандай комментарий бербешим керек. Бирок эми соттун чечими чыккандан кийин пикиримди билдире берсем болот. Эгер мен сот болсом, бул иштин уюштуруучуларына кандайдыр бир жаза берет элем, жок дегенде айып пул же пробация. Себеби булар жарымы келип аткан Кемпир-Абадды кетип атат деп элдин башын адаштырып, аларды шыкактап көчөгө чыгарып, бийликти сүрүп түшөлү деген сөздөрү интернет булактарында желдей тарап жүрбөйбү. Буларды Кемпир-Абаддын тагдыры кызыктырбайт. Буларга кресло – кызмат орду гана керек. Кандай гана жолдор менен болбосун, креслого жетип, илгеркидей эле миллиарддарды уурдасак деп самашат. Бирок андай кыялдары ишке ашпайт. Азыр эл дагы, заман дагы таптакыр башка. Илгеркидей кыйкырчаактарды, жарма патриотторду ээрчип кетпейт. Эл өздөрү талдаганды, өздөрү ой жүгүрткөндү үйрөндү. Кемпир-Абадды бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек тарап 50/50 башкарып жатабыз. Азыр 3 адам бизден, 3 адам өзбек тараптан болуп плотинада олтурушат. Бирге башкарып жатабыз. Чечимдерди биргелешип кабыл алабыз. Мындан ары ушундай болот” , - деди Садыр Жапаров "Кабар" агенттигиндеги маегинде.

14-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков "Кемпир-Абад иши" боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган 22 саясатчыны жана активистти актаган.

Прокуратура соттун чечимине карата жогорку инстанцияга арызданабы, жокпу, азырынча белгисиз.

Эл аралык уюмдар соттун актоо чечимин кубаттады.

Акталган саясатчылар да соттун актоо чечими алар үчүн күтүүсүз болгонун билдиришкен.

Кемпир-Абад иши боюнча башта 27 кишиге айып тагылып кармалган. Алардын ичинен 22 кишиге актоо өкүмү чыкты. Ал эми Орозайым Нарматова менен Талантбек Эшалиевдин иши буга чейин эле өзүнчө өндүрүшкө алынган. Ден соолугуна байланыштуу дарыланып жаткандыктан саясатчылар Кеңешбек Дүйшөбаев менен Бектур Асановдун жана Жогорку Кеңешке шайлоого талапкер болгон Кубанычбек Кадыровдун да иши жакында эле өзүнчө бөлүнгөн.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Кармалгандардын ичинен сегиз киши тергөө абагында калып, калгандары түрдүү жагдайда эркиндикке чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өттү. Өкүм да жабык сотто окулду.

XS
SM
MD
LG