Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:17

Мектептердин макамын алмаштыруу жана каржылоо формасын өзгөртүү сунушталууда


Кеминдеги мектеп. Иллюстрациялык сүрөт.
Кеминдеги мектеп. Иллюстрациялык сүрөт.

2024-2025-жаңы окуу жылына карата Кыргызстанда билим берүү системасына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Министрлер кабинетинин токтому коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, өкмөт жаңы токтому менен Кыргызстандагы жалпы билим берүүчү уюмдар тууралуу типтүү Жобону бекитет.

Долбоорго ылайык, мектеп-гимназия жана мектеп-лицей жалпы билим берүүчү мектеп деп өзгөртүлөт. Ал эми гимназия-интернат жана лицей-интернаттар мектеп-пансион деп аталат. Бул мектептерде иштеп жаткан мугалимдердин жана жетекчилердин айлык акыларынын өлчөмү сакталат.

Талкууга коюлган долбоорго караганда, класстагы балдар кеминде 10, эң көбү 30, шаарларда 36 бала болот.

Жободо ошондой эле жалпы билим берүүчү уюмдардын төмөнкүдөй формалары жазылган: жалпы билим берүүчү мектеп, мектеп-пансион, мектеп-комплекс, окуу-тарбия комплекси, эксперименталдык мектеп, автордук мектеп, онлайн-мектеп, мектеп-интернат, атайын мектеп, атайын мектеп-пансион, атайын көмөк мектеп, атайын көмөк мектеп-интернат, санаториялык мектеп-интернат, кечки мектеп жана сырттан окутуучу мектеп.

Билим берүүнүн үч тепкичи да сакталат:

- жалпы башталгыч билим берүү - 4 жыл;
- жалпы негизги билим берүү - 5 жыл;
- жалпы орто билим берүү - 2 жыл.

Долбоордо мектептерди каржылоону да өзгөртүү сунушталган. Ага ылайык, мектептер жергиликтүү жана республикалык бюджеттен, жеке адамдардын, компаниялардын, мектепти негиздеген чет элдик жарандардын акчасынан каржыланышы мүмкүн.

Жалпы билим берүүчү уюм мыйзам жол берген ишмердигинен алынган жеке каражаты, депозиттик салымдар, жеке адамдардын, анын ичинен чет элдик жарандардын өз каалоосу менен берилген акчасы, насыя жана жалпы эле Кыргызстандын мыйзамдары тыюу салбаган булактардан каржыланышы мүмкүн.

Өзгөртүүлөр Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдарынын ишин тартипке келтирүү жана бардык мектептердин окуучулары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү максатында сунушталып жатканы айтылган.

Президент Садыр Жапаровдун буйругу менен былтыртан тартып жергиликтүү жана республикалык бюджеттен каржыланган мектептерде ата-энелерден акча чогултууга тыюу салынган.

Ушул тапта Кыргызстанда 2397 мектеп бар. 80 миңден ашык мугалим иштейт. 1 млн 480 миңден ашуун бала окуйт.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG