Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:34

Сербия белорус оппозиционер активистин Минскиге экстрадициялайт


Андрей Гнёт.
Андрей Гнёт.

Сербияда Жогорку сот бул өлкөдө былтыр күзүндө кармалган Беларустун оппозициялык активисттеринин бири, журналист Анрей Гнётту экстрадициялоо тууралуу төмөнкү соттук инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Чечим 13-июнда жарыяланды, ага каршы даттанууга мүмкүнчүлүк бар экени белгиленди.

Режиссер жана «Спортчулардын эркин бирикмесинин» (2020-жылдан кийин түзүлгөн оппозициялык бирикме) негиздөөчүсү Гнётту Сербиянын борбор калаасы Белграддын аэропортунан былтыркы жылдын октябрь айында Беларустун өтүнүчү менен кармап кетип, камакка алышкан. Кийин үй камагына чыгарышкан.

Расмий Минск ага «салык жашырган» деген айып таккан. Гнёт бул айыптоону негизсиз деп атап, четке кагууда.

Сербиянын Жогорку соту активистти экстрадициялабай коюуга мыйзамдуу негиз жок экенин билдирүүдө.

Беларус оппозициясынын бозгундагы лидери Светлана Тихановская эгер Гнёт мекенине өткөрүлүп берилсе ал жактан кыйноого кабыларын эскертти. (RK)

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы 2020-жылдагы шайлоодо 69 жаштагы Александр Лукашенко добуштардын 80% көбүнө ээ болгонун жарыялаган, бирок оппозиция жана көз каранды эмес байкоочулар добуш берүүдө жапырт бурмалоо болгонун айтып чыгышкан.

Оппозициялык талапкер Светлана Тихановская өзүн жеңүүчү деп жарыялаган. Өлкөдө башаламандык тутанып, анын баары күч менен басылган, миңдеген киши кармалган. Тихановская кысымга кабылып, мекенинен чыгып кеткен.

Батыш өлкөлөрү Лукашенкону Беларустун мыйзамдуу лидери деп тааныбайт.

Президенттик шайлоонун талаштуу жыйынтыктарынан кийин башталган толкундоолордон соң бул өлкөдө журналисттерди, активисттерди кармоо күчөгөн, алардын көбү абакта отурушат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG