Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:29

"Ислам мамлекетин" үгүт кылган 15 киши кармалганы кабарланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) "Ислам мамлекети" эл аралык террордук уюмунун идеологиясын үгүттөгөн топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганын 14-июнда билдирди. Маалыматка караганда, Бишкекте жана өлкөнүн башка аймактарында террористтик мүнөздөгү фото жана видеоматериалдарды жайылтууга шек саналып 15 киши кармалды.

Алардын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, көп сандагы диний адабияттар алынып, алар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.

"Колго түшкөн топтун лидерлеринин бирин Ооганстандагы “Ислам мамлекети” эл аралык террордук уюмунун мүчөсү социалдык тармак аркылуу азгырган. Анын көрсөтмөсүн аткарып, башка тарапкерлерин тартууга аракет кылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, таркатылып жаткан фото жана видеоматериалдарда "Халифат" “террористтик аракеттерге ачык чакыруу”, “улуттук, расалык, этностук, диний жана региондор аралык кастыкты козутуу” жана “конституциялык түзүлүштү бузуу менен конституциялык түзүлүштү кулатуу” белгилери камтылган", - деп жазылган Атайын кызматтын маалыматында.

Мындан тышкары ок атуучу куралдарды колдонуу жана колго жасалган жардыруучу түзүлүштөрдү жасоо боюнча окуу роликтери таратылгандыгы аныкталганы маалыматта белгиленген.

Кармалган төрт адам Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына киргизилип, бул топтун башка мүчөлөрүн жана шериктерин аныктоо боюнча комплекстүү тергөө иш-чаралары улантылууда.

30-майга караган түнү белгисиз адамдар Сузак районундагы №4 Шамшиев атындагы жана №88 Атабеков атындагы орто мектептердин, телефондорго сигнал таратуучу мамыдагы мамлекеттик желектерди өрттөп, ордуна араб жазуусу бар ак матаны илип кетишкен.

5-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бул окуяны уюштурууга шектүүлөр кармалганын билдирген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG