Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:25

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолуна туш келген айылдар көчүрүлөт


Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан транспорт коридору боюнча Кытайдын Ланьчжоу аймагынан Өзбекстанга сапар алган жүк ташуучу поезд, 9-июнь, 2023-жыл.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан транспорт коридору боюнча Кытайдын Ланьчжоу аймагынан Өзбекстанга сапар алган жүк ташуучу поезд, 9-июнь, 2023-жыл.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу макулдашуусуна ылайык, кыргыз тарап өз аймагындагы темир жол курулушунда коопсуздукту камсыздоого, жол тилкесиндеги тарыхый эстеликтер менен айылдарды башка жакка өз эсебинен көчүрүү милдетин алат.

Кыргызстан өз аймагында темир жол курулуучу тилкелерди даярдоо, жергиликтүү курулуш материалдарын колдонуу, суу-электр менен камсыздоого, темир жол курууга иштөөчү кытайлык жана өзбекстандык жумушчуларды уруксат кагаздарын алуудан бошотууга милдеттендирилген.

Долбоорго тиешелүү техникаларды, жабдуу-механизмдерди, транспорт жана башка материалдарды бажы жана салык төлөмдөрүнөн бошотууга тийиш.

13-июнда Жогорку Кеңешке Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору келип түштү.

Макулдашууга ылайык, темир жолду курууга Кытайдын China Railway International компаниясы, Кыргызстандын "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы жана Өзбекстандын "Узбекистон темир йуллари" акционердик коому жооптуу болот.

Темир жол Кашкар - Торугарт - Макмал - Жалал-Абад - Анжиян багытында курулат. Кыргызстанда жолдун жалпы узундугу 311 чакырымды түзөт жана болжолдуу наркы 4,7 млрд долларга турмакчы.

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматында жол тилкеси Кыргызстандын аймагында Торугарт-Кош-Дөбө-Казарман-Жалал-Абад багыты аркылуу өтүүгө тийиш.

Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, бул долбоор ишке ашса, үч өлкөнүн Жакынкы Чыгышка, Түштүк Европага жетчү жолун дээрлик 900 чакырымга кыскартат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG