Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:22

"Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун куруу үчүн үч өлкө биргелешкен компания түзөт


Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол магистралынын иллюстрациялык түшүндүрмөсү.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол магистралынын иллюстрациялык түшүндүрмөсү.

"Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун куруу үчүн үч өлкө Биргелешкен долбоорлоочу компания (БДК) түзөт. Ал ишкана Кыргызстанда жайгашат. Компанияда Кытайдын үлүшү 51% болот, калганы Кыргызстан менен Өзбекстанга тең бөлүнүп, ар бирине 24,5% тиет.

Министрлер кабинети Жогорку Кеңешке "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун куруу боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун киргизди. Ага ылайык, темир жолду курууга Кытайдын China Railway International компаниясы, Кыргызстандын "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы жана Өзбекстандын "Узбекистон темир йуллари" акционердик коому жооптуу болот.

Темир жол "Кашкар - Торугарт - Макмал - Жалал-Абад - Анжиян" багытында курулат.

Министрлер кабинети "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолу өлкөнүн тарыхындагы жана инфраструктурасындагы эң маанилүү долбоор болуп саналарын белгиледи.

"Жаңы темир жол Кытайдан Кыргызстанга жана Борбор Азия өлкөлөрүнө гана эмес, Жакынкы чыгыш жана Түркия аркылуу Евробиримдикке да жол ачат. Долбоор жүктөрдү кыска аралыкта жеткирүү менен эл аралык товар ташуу базарында атаандаштыктын өсүшүн камсыздайт", - деп жазылган документте.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин 13-июндагы отурумунда "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жолунун курулушу быйыл август айында башталарын маалымдаган.

2022-жылдын сентябрында Өзбекстандын Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Кытайдын лидери Си Цзинпин жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жолугушуусун утурлай “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлган.

"Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолунун кыргыз жергеси аркылуу өтчү линиясынын баштапкы баасы 5 миллиард доллардын тегерегинде деп бааланган. Багыттардын өзгөрүшүнө жана курулуш иштеринин аткарылышына байланыштуу суммалар алымча-кошумча болушу мүмкүн. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG