Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:39

Иранда сүрөтчү аял жарандык активдүүлүгү үчүн абакка кесилди


Иранда шакаба сүрөттөрү менен белгилүү Атена Фаргадани
Иранда шакаба сүрөттөрү менен белгилүү Атена Фаргадани

Иранда сот Атена Фаргадани алты жылга эркинен ажыратканын анын адвокаты Мохаммад Мокими "Фарда" радиосуна билдирди. Маалыматка караганда шакаба сүрөттөрү менен белгилүү аял "ыйык ишенимдерге доо кетиргени үчүн" беш жыл, Ислам республикасына каршы "пропаганда жүргүзгөнү үчүн" бир жыл абакка кесилди.

Фаргадани былтыр "президенттин жана жетекчиликтин беделине доо кетирүү", "мамлекетке каршы пропагандалык ишмердүүлүк" деген кине менен 18 ай жаза өтөп чыккан.

Соңку ирет ал 14-апрелде камалган. Адвокаты сурак маалында Фаргадани катуу ур-токмокко алынганын айткан.

Альзахра университетинин Искусство факультетинин бүтүрүүчүсү Фаргаданиге 2015-жылы Шакаба тарткан сүрөтчүлөрдүн укугу боюнча эл аралык түйүн атайын сыйлык ыйгарган.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Ирандагы адам укуктарынын абалы боюнча атайын баяндамачысы Жавид Рахман марттагы отчетунда расмий Тегерандын 2022-жылдагы демонстрациялардан кийинки аракеттери "эл аралык кылмыштарга барган болушу мүмкүн экенин, тактап айтканда адамзатка каршы кылмыштарга, далилсиз камоого, күч менен уурдап кетүүгө, кыйноого, зордуктоого жана куугунтуктоого барган болушу ыктымал экенин" көрсөтөрүн билдирген.

2022-жылы Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен 22 жаштагы студент кыз Махса Амини абакта каза болгон. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр аны полиция сабагынын айтып беришкен.

Амининин абактагы өлүмүнөн кийин өлкөнүн бир нече аймагында нааразылык акциялары башталган, жүздөгөн киши кармалып, кеминде 200дөй адам өлүм жазасына тартылган.

«Ирандагы адам укуктары боюнча борбор» (CHRI) уюмунун маалыматына караганда, 2023-жылы Иранда 700 адам дарга асылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG