Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:32

Футбол: Штефан Таркович башкы машыктыруучу кызматынан кетет


Штефан Таркович.
Штефан Таркович.

Кыргыз футбол биримдиги Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович жана машыктыруучулар штабы толук курамы менен кызматтан кете турганын билдирди.

Маалыматта Кыргыз футбол биримдигинин жетекчилигинин сүйлөшүүлөрүнөн кийин Штефан Таркович менен түзүлгөн келишимдин мөөнөтү аяктаган соң кызматташууну токтотуу чечими кабыл алынганы айтылат.

2023-жылы 24-апрелде Кыргыз футбол биримдигинин аткаруу комитетинин кезектеги жыйыны өтүп, анда башкы машыктыруучулукка сунушталган 30 талапкердин ичинен Штефан Таркович тандалган. Аны менен 2024-жылдын 30-июнуна чейин келишим түзүлгөн.

Штефан Таркович Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы менен бир жылда 19 оюн өткөрдү. Анын ичинен алты жолу жеңип, төрт ирет тең чыкты жана тогуз жеңилүү бар.

Улуттук курама 11-июнда Омандын Маскат шаарында Омандын футболчулары менен 1:1 эсебинде тең чыгып, 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын 3-туруна өтүп, 2027-жылы боло турган Азия кубогуна жолдомо алган.

D тайпасында 13 упай топтогон Оман биринчи, 11 упай менен Кыргызстан экинчи орун менен дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын 3-туруна өттү. Малайзия 10 упай топтосо, Кытай Тайбэйи бир да упай алган жок.

2026-жылы дүйнө чемпионаты АКШнын, Мексиканын жана Канаданын 16 шаарында өтөт жана ага биринчи жолу 48 курама команда катышат. Бул мелдешке тандоо оюндары 2023-жылдын сентябрь айында башталган. 2026-жылдын март айында жыйынтыкталат.

Азиядан сегиз команда дүйнө чемпионатына жолдомо алат. Тандоо оюндары беш этаптан турат. Мында 36 курама тогуз тайпага бөлүнүп ойнойт. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG