Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:19

"Чоң жети" камактагы орусиялык активдердин эсебинен Киевге 50 млрд доллар бөлөт


 "Чоң жети" уюмуна кирген кубаттуу мамлекеттердин жана Евробиримдиктин лидерлери. 13-июнь, 2024-жыл. Италия.
"Чоң жети" уюмуна кирген кубаттуу мамлекеттердин жана Евробиримдиктин лидерлери. 13-июнь, 2024-жыл. Италия.

"Чоң жетиге" кирген кубаттуу мамлекеттердин лидерлери Украинага камактагы орусиялык активдердин эсебинен 50 миллиард доллар насыя берүүнү макулдашты. Ошол эле маалда Британия, Канада Киевге өз алдынча жаңы каржылык жана аскердик жардам көрсөтүлөрүн жарыялашты.

Associated Press маалымат агенттигине дипломаттар ырастагандай, лидерлер Украинага насыя берүү боюнча бир пикирге 13-майда Италияда чогулганда келишти. Ал жакта "Чоң жетинин" үч күндүк саммити өтөт.

Ушул эле уюмга мүчө Канада Украинага жаңы брондолгон техника жөнөтөрүн билдирди. Коргоо министри Билл Блэрдин айтымында жайында украиналык аскерлер ал техниканы кантип башкарууну үйрөнүшөт. Британия жакыны күндөрү Киевге 309,5 миллиона доллар бөлүү тууралуу жарыяларын билдирди.

12-июнда АКШ бийлигинин расмий өкүлдөрү Вашингтон Украинанын суранычы боюнча дагы бир "Пэтриот" ракеталык системасын жөнөтөрүн билдиришкен. Ага чейин Германия 11-июнда ушундай эле "Пэтриот" системасын жана башка абадан коргонуу каражаттарын жөнөтүүнү убада кылды.

13-июнда "Чоң жетинин" 50-саммити Италиянын түштүгүндөгү Апулия шаарында старт алат. Анын жүрүшүндө экономикасы кубаттуу мамлекеттердин лидерлери Украинага колдоо көрсөтүү, энергетикалык жана экономикалык коопсуздук, миграция маселелерин, Кытай менен алака-катышты жана Жакынкы Чыгыштагы согушту талкуулашат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG