Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:46

Аба ырайы: тоолуу райондордо кар жаайт


14-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29;

Баткен облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…23, күндүз 32…37;

Ысык-Көл облусунда тункүсүн 8…13, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн-3…+2, күндүз 6…11 градус.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15°, күндүз 27…29° ысыйт.

Чолпон-Ата шаарында мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 22…24° жылуу болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG