Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:12

Кемпир-Абад иши боюнча сотто шектүүлөр акыркы сөзүн сүйлөй баштады


Кемпир-Абад иши боюнча айып тагылгандардын айрымдары. Сүрөттөгүлөрдүн ичинен Бектур Асанов, Кеңешбек Дүйшөбаев жана Кубанычбек Кадыров эркиндикте.
Кемпир-Абад иши боюнча айып тагылгандардын айрымдары. Сүрөттөгүлөрдүн ичинен Бектур Асанов, Кеңешбек Дүйшөбаев жана Кубанычбек Кадыров эркиндикте.

13-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча өтүп жаткан соттук отурумда шектүүлөр акыркы сөзүн сүйлөй баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” ушул иш боюнча шек саналып жаткан саясатчы Жеңиш Молдокматов менен активист Эрлан Бекчоро уулунун адвокаты Кантемир Турдалиев билдирди.

Акыркы сөз башталганын Кемпир-Абад иши боюнча айып тагылган укук коргоочу Рита Карасартова да Фейсбуктагы баракчасына жазды. Укук коргоочу Азиза Абдирасулова 12-июндагы соттук жараянда шектүүлөрдүн жетөөнө гана жарыш сөзгө чыгуу мүмкүнчүлүгү берилгенин айткан.

10-июндагы жараянда прокурорлор соттон Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан саясатчы жана активисттердин ар бирин 20 жылдан абакка кесип, мүлкүн конфискация кылуу жазасын сураган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен сегиз киши тергөө абагында жатат. Калгандары түрдүү жагдайда эркиндикке чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар аны ачык өткөрүү талабын коюп келишет.

Кемпир-Абад иши боюнча башта 27 кишиге айып тагылып кармалган. Алар: Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Кубанычбек Кадыров, Айданбек Акматов, Марат Баязов, Айбек Бузурманкулов, Бектур Асанов, Илгиз Шаменов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Тимур Махмудов, Рита Карасартова, Клара Сооронкулова, Орозайым Нарматова, Али Шабдан, Эрлан Бекчоро уулу, Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Нурлан Асанбеков, Атай Бейшенбек, Акыл Айтбаев, Талантбек Эшалиев жана Мамбетжунус Абылов.

Булардын ичинен Орозайым Нарматова менен Талантбек Эшалиевдин иши буга чейин эле өзүнчө өндүрүшкө алынган. Ден соолугуна байланыштуу дарыланып жаткандыктан саясатчылар Кеңешбек Дүйшөбаев менен Бектур Асановдун жана Жогорку Кеңешке шайлоого талапкер болгон Кубанычбек Кадыровдун да иши жакында эле өзүнчө бөлүндү. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG