Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:57

Жаңы курулуп жаткан мектептерде ажатканалар ичинде болот


Мурас-Ордо конушуна курулган жаңы мектеп. Бишкек. 2023-жыл.
Мурас-Ордо конушуна курулган жаңы мектеп. Бишкек. 2023-жыл.

Кыргызстандагы жаңы курулуп жаткан мектептерде бардык шарттар бар жана ажатканалары ичинде болот. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Жогорку Кеңештин 13-июндагы отурумунда депутат Элвира Сурабалдиеванын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Депутат Элвира Сурабалдиева 21-кылымда жашап жатканыбызга карабай, айыл жерлериндеги мектептерде балдардын гигиенасына шарт жоктугун, ажатканалар тышта экенин, окуучулар кышы-жайы сыртка туалетке барарын белгилеп, министрден качан шарт түзүлөрүн сурады.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева эки жылдан бери курулуп, ишке берилген 140 мектептин баарында балдардын гигиеналык шарттарына көңүл бурулганын, ажатканалар мектептин ичинде экенин айтты. Министр ошол эле учурда мурда курулган, эски жана суусу тартыш айылдардагы мектептерде бул шартты түзүү мүмкүн болбой жатканын билдирди.

Элвира Сурабалдиева билим берүү тармагына Азия өнүктүрүү банкынан алынып жаткан каражатка ушул сыяктуу шарттарды түзүп, окуу куралдары менен толук камтуу зарылчылыгын белгиледи.

Жогорку Кеңеш 13-июндагы отурумунда Кыргызстандын билим берүү тармагына, анын ичинен 12 жылдык билим берүүгө өтүү боюнча Азия өнүктүрүү банкынан берилип жаткан 40 млн доллар акча тууралуу маселени карады. Маалыматка ылайык, бул сумманын жарымы - 20 млн доллар кайтарылгыс грант түрүндө, калганы 32 жылга 1-1,5 пайыз үстөк менен насыя түрүндө берилет.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, акыркы үч жылда 214 жаңы мектеп салынып, пайдаланууга берилген. 2024-жылы өлкөдө 212 мектеп, 50 бала бакча курулуп, ачылары кабарланган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG